Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,076 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги дагы кенен-чонон талкууланды. – Бул акыркы 28 жыл ичиндеги биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө […]
1,077 Бардыгы / БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги дагы кенен-чонон талкууланды. – Бул акыркы 28 жыл ичиндеги биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө […]
ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КОРЕЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ МЕНЕН ЭКИ ТАРАПТУУ АЛАКАНЫН КЕЛЕЧЕГИН КАТУУ ТАЛКУУЛАДЫ
22.07.2019 / Автор anarkan_kg1,078 Бардыгы /
БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапар менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги дагы кенен-чонон талкууланды.
– Бул акыркы 28 жыл ичиндеги биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүгө чоң өбөлгө жаратат деген терең ишеничтемин! — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков ошонндой эле жыйырмадан ашык кореялык компаниялардын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн Кыргыз-Корей бизнес-форуму келечекте жакшы жемишин берээрин канааттануу менен белгиледи. Буга улай Кыргызстандагы көп сандагы корей диаспорасы Корея өлкөсү менен кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө болоорун дагы баса белгиледи. Алардын арасында ата мекендик экономиканы өнүктүрүгө өз салымын кошуп жаткан коомдук ишмерлер, чоң ишкерлер жана интеллигенция өкүлдөрү дагы бар.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Корея тарапка терең ыраазычылыгын билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдар ичинде Корея тараптан Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү бүгүнкүгө карата карата 42 миллион АКШ долларын түзүп олтурат. Корея Премьер-министри Ли Нак Ен дагы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелер түптөлгөндөн кийин Кыргызстанга сапар жасаган Кореянын биринчи Өкмөт башчысы экендигине токтолду.
– Бул сапар кечиккен сапарга айланды. Бирок, биз эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн мындан дагы тездетүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Биз өлкө жетекчилигинин аракеттерин баалайбыз. Анткени, ошонун натыйжасында Кыргызстандагы демократиялык жараяндар туруктуу өнүгүп, жаңы рыноктор ачылып, экономика дагы ырааттуу түрдө өнүгүп жатат, — деп белгиледи Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен.
Корея Премьер-министри ошондой эле КОИКА тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөк анчалык деле чоң эмес, бирок, кореялык тарап Кыргызстанга жардам бергенге ар дайым даяр экенине бекем ишендирди. Андан ары Кыргызстанда башка долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, жакынкы мезгилде билим берүү, административдик башкаруу жана айыл чарба технологияларын өнүктүрү чөйрөлөрүндө суммасы 7 миллион АКШ долларына барабар жардам берүү пландары жөнүндө дагы баян этти. Ли Нак Ен өкмөттүк деңгээлде эле эмес, бизнес түзүмдөрү ортосундагы байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстанга түз инвестицияларды тартууга шарт түзөөрүнө бекем ишендирди.
Бул эки тараптуу жолугушууда ошондой эле санариптештирүү, билим берүү, туризм чөйрөлөрүндө өз ара кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды активдештирүү маселелери дагы орой-чарай талкууланды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg ЭАУда ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
-
-
13.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна КЕРБЕН ШААРЫНЫН МЭРИНЕ КАТУУ СӨГҮШ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.