Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,317 Бардыгы / МОСКВА. Москва шаарынын коомдук байланыш жана жаштар саясаты Комитетинин Ресурстук борборунун залында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунда билим алган балдарга курсту аяктагандыгы туурасында атайын сертификаттар тапшырылды. Бул салтанатка Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов катышты. Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Элчиси аталган окутуу клубунун биринчи этабында билим алган балдарды, алардын ата-энелерин ийгиликтүү аяктоосу менен чын ыкластан куттуктап, 25тен ашуун балдарга […]
1,318 Бардыгы / МОСКВА. Москва шаарынын коомдук байланыш жана жаштар саясаты Комитетинин Ресурстук борборунун залында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунда билим алган балдарга курсту аяктагандыгы туурасында атайын сертификаттар тапшырылды. Бул салтанатка Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов катышты. Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Элчиси аталган окутуу клубунун биринчи этабында билим алган балдарды, алардын ата-энелерин ийгиликтүү аяктоосу менен чын ыкластан куттуктап, 25тен ашуун балдарга […]
“ЖАКЫНДА МЕКТЕПКЕ” АТАЛГАН БАЛДАРДЫ ОКУТУУ КЛУБУНДА БИЛИМ АЛГАН БАЛДАРГА КУРСТУ АЯКТАГАНДЫГЫ ТУУРАСЫНДА СЕРТИФИКАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
30.07.2019 / Автор aymak

1,319 Бардыгы /
МОСКВА. Москва шаарынын коомдук байланыш жана жаштар саясаты Комитетинин Ресурстук борборунун залында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунда билим алган балдарга курсту аяктагандыгы туурасында атайын сертификаттар тапшырылды. Бул салтанатка Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов катышты.
Куттуктоо сөзүндө Кыргыз Элчиси аталган окутуу клубунун биринчи этабында билим алган балдарды, алардын ата-энелерин ийгиликтүү аяктоосу менен чын ыкластан куттуктап, 25тен ашуун балдарга төрт ай аралыгында жума сайын орус тилин өздөштүрүү боюнча кынтыксыз билим берип, эмгегин аябаган волонтер мугалимдердин эмгегин абдан жогору баалады. Буга улай Кыргыз Элчиси балдарга окуу курсун аяктагандыгын тастыктаган сертификаттарды тапшырды.
Айтмакчы, 2019-жылдын 20-апрелинде Москва шаарында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубу салтанаттуу ачылган эле. Мындай окутуу клубунун ачылыш демилгеси 2019-жылдын 31-январында Кыргызстандын Орусиядагы Элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москва шаарындагы кыргыз коомдук уюмдары, жалпы мекендештер менен таанышуу, байланыштарды бекитүү, Кыргызстандык жарандардын Орусияда жашоосунун шарттары, укук жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарынын билим алуу маселелерин талкуулоо максатында жолугушуусунда көтөрүлгөн. Москвадагы кыргыз диаспорасынын “Агартуу Билим Борбору” мугалимдер Биримдиги жана “Мир Вам” тил мектеби кыска мөөнөттөгү быйыл мектепке баруучу балдар үчүн орус тили сабагы боюнча курсун акысыз өткөрүү боюнча орус тили мугалимдери-волонтерлордун корпусун түзүштү. Ошентип, салтанаттуу ачылышка Москва шаарындагы «Этносфера» улуттар аралык билим берүүгө көмөктөшүү борборунун башкы директору, Москва Өкмөтүнүн алдындагы улуттар аралык Кеңештин илим жана билим берүү боюнча Комиссиясынын төрагасы Омельченко Елена Александровна, “Добрососедство” Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү Фондунун жетекчиси Московский Юрий Викторович, ошондой эле балдар тил үйрөнүү курсуна катышкан балдардын ата-энелери катышышты.
Ал эми Кыргызтандын Орусиядагы Элчилиги балдарга орус тилин, кыргыз тилин үйрөтүү курсу үчүн волонтерлор – орус тили мугалимдери менен иш алып барып, курстун толук кандуу иштөөсү үчүн алгачкы шарттарды түзүп беришти. “!Агартуу Билим Борбору” мугалимдер Биримдиги жана “Мир Вам” тил мектеби Балдарды окутуу Клубунун мындан ары үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгышты жана муну үчүн каражат табуунун үстүндө үзгүлтүксүз иштешүүдө.
Атайын сертификаттар тапшыруу маалында балдар тарабынан уюштурулган концерт тартууланды. Анда беш жаштагы Нуралы конокторго “Манас” эпосунан үзүндү туртуулады. Ар бир балага мектепке керектүү буюмдар, программанын катышуучуларына уюштуруучулардан китеп, таттуулар белекке тапшырылды. Орус тили боюнча биринчи сабакты өткөрүүгө аталган Элчиликтин жаш достору М. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун 4-курсунун студенттери кыргыз тилин биринчи чет тил катары үйрөнүп жатышкан Полина Сбигнева, Карина Кашаф жана Луиза Барикзай жардам беришти.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ДАГЫ БИР ҮЧ ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ БАТИР БЕРИЛДИ
-
15.07.2025 / Автор anarkan_kg “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ЭЭ БОЛГОН ЖАНА АЛДЫҢКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ
-
16.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШКО ӨЗБЕКСТАНДАН ЖАЛПЫ 200 ТОННАЛЫК ГУМЖАРДАМ КЕЛДИ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.