Аймак

СУЗАК САНЭПИДДЕ АКЧА МЫЙЗАМСЫЗ БӨЛҮШТҮРҮЛГӨНБҮ? Кызматкерлер эмне дейт?

СУЗАК САНЭПИДДЕ АКЧА МЫЙЗАМСЫЗ БӨЛҮШТҮРҮЛГӨНБҮ? Кызматкерлер эмне дейт?

 1,914 Бардыгы /

Сузак районунда өзгөчө абал учурунда Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн акчаны кошумча маяна катары иштеткен санэпид кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Оор шартта иштеген кызматкерлерине акча бөлүштүргөн башкы дарыгер менен эсепчиси айыпталып жатат. Бирок мекеменин кызматкерлери милициянын айыптоосуна макул эместигин билдиришти.

Шеркул ТУРГАНБАЕВ, ОИИБдин басма сөз катчысы:

-ОИИБ тарабынан Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери жана башкы эсепчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Алар кол астында эмгектенген кызматкерлерине коронавирус илдетин алдын алууга бөлүнгөн 300 миң сом акча каражатын алардын айлык маянасын көтөрүүгө же материалдык колдоо катары бөлүштүрүп коюшкан. Өкмөттүн “Резервдик фонддун каражаттарын колдонуу жол-жобосу” боюнча токтомуна ылайык, бул акчаны маяна катары колдонууга тыюу салынат. Аталган факт областтык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен катталды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Аталган мекеменин кызматкерлери милициянын айыптоосуна макул эмес. Анткени Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү ушул жылдын 31-март күнү аталган мекеменин кызматкерлери менен жолугушкан учурда алардын эмгегин баалоо максатында өзүнүн резервдик фондунан 300 миң сом бөлүп берүүнү айткан экен. Аны ошол учурда облус башчысы менен жолугушкан көпчүлүк кызматкерлер билдиришти.

Мамлакатхан АБИДЖАНОВА, кадрлар бөлүмүнүн башчысы:

Биз бул жерде коронавирус илдети башталгандан бери күнү-түнү иштедик. Балдарыбызга тамак жасап, жанында болгону убактыбыз да жок болду. Ошол күндөрү облус башчысы, район акими да келип биздин эмгегибизди көрүп, облус башчы өзү “Силердин мээнетиңерди көрүп, силер менен сыймыктанып жатам. Мен силерге 300 миң сом акча бөлүп берем. Ошону ар бир кызматкерге 5 миңден кошумча маяна катары бергиле” деп башкы дарыгерибизге дайындаган. Ал сөздү бул жерде иштегендердин баары уккан. Биз абдан сүйүндүк, биздин да мээнетибизди баалаган адам бар экен деп. Кийин акча которулуптур деп уктук. Анан картабызга кошумча маяна катары салышкан. Өзүм 24 жылдан бери ушул жерде иштеп келем.   

Касымбек МУРЗАЛИЕВ, башкы эсепчи:

-Бизге 31-март күнү облус башчысы келип, кызматкерлердин пандемияга каршы кылган иштерине жакшы баа берип, 300 миң сом фонддон, мындан кызматкерлерге 5-6 миңден стимул катары кошумча маяна берилет деп сөз берген экен. Эртеси буйруктун негизинде акчаны которуп беришти. Акча которулгандан  кийин жалпы курам бөлүштүрүү боюнча чогулуш жасады. Жыйындын токтому менен 7-апрелде 251 миң 500 сом 46 кызматкерге кошумча маяна катары которулду. Калган каражат кошумча техника сатып алуу үчүн мекеменин кассасында сакталуу. Фонддон которулган акчанын буйругу финансылык колдоо деп келген. Аны компенсация катары эмес, башка максатта (тамак-аш, кошумча техника ж.б.) иштешиш керек эле деп жатышат. Кызматкерлер “облус башчысы сөз берген, акчаны бизге которуп бер” деп айтышпаганда аларга бөлүп бермек эмесмин.

Айнура ЖАМШИТОВА, Сузак райондук санэпид көзөмөл борборунун учурдагы башкы дарыгери:

-Мекеменин ал убактагы башкы дарыгери Ош облусуна которулган. Бир айдан бери башкы дарыгердин милдетин аткарып келүүдөмүн. Ага чейин бөлүм башчы болчум. Учурда 50гө чукул эмгектенген мекеменин кызматкерлери интернет айдыңына тараган маалыматтарга нааразычылыгын билдирип жатышат. Бул жерде эч кандай максатсыз бөлүнгөн нерсе жок. Коллективге бөлүнгөнү эле туура эмес болуп калгандыр, бирок ашыкча башка жакка жумшалган жок, акчанын эсеби бар. Анын бөлүнүшү боюнча коллектив арасында чогулуш болгон. Жалпы кызматкерлердин макулдугу менен иштеген кызматына жараша протоколдун негизинде бөлүштүрүлгөн. Эми ал убакта мен жетекчи болбогонум үчүн да толук маалымат билбейм. Бирок кыйын кырдаалда иштегенибиз үчүн жардам катары берилгенине, колдоо болгонуна кубанганбыз. Ал учурда дүкөн, ашканалар да иштебегендиктен ушул жерде баарын даярдап өзүбүздү-өзүбүз камсыздап жатканбыз.

Эрик ИСМАЕВ, Жалал-Абад облустук медицина кызматкерлеринин кесиптик кошуундарынын төрагасы:

-Ал окуя боюнча элдин баары “акчаны бөлүп алышыптыр” деп ойлоп калды окшойт. Акчаны берип жатканда өкүлчүлүк дагы эмнелерге иштетсе болот деген жобо менен бергендир. Эгер ошол жободогу нерсени аткарбай туура эмес кылган болсо, айла жок кайтарып бериш керек. Жок өзүңөр билип, керектүү нерселерге иштетесиңер деген болсо, анда туура эле бөлүштүрүшкөн болот. Анткени чындыгында медиктер кошумча маянага татыктуу, күнү-түнү түнөбөй көп иштешти. Ошондуктан ал нерсени өтө эле криминалдаштырып салуунун кереги жок. Мындай алып караганда бул жерде өтө эле максатсыз, пайдасыз, мыйзамсыз пайдалануу болгон эмес. Медицина кызматкерлеринин эмгегин баарыбыз билдик, көрдүк. Бюджетте акча көп болсо, аларга мындан да көп акча берсе болот. Булар вирустун коркунучтуу экенин билип туруп ошону менен күрөшүштү, азыр да күрөшүп келе жатышат. Эгер булар шылтоолоп эмгек өргүүгө же иштен чыгып кетсе болот болчу, бирок алар андай кылган жок. Тескерисинче элдин саламаттыгын биринчи орунга коюп, тынымсыз иштешти.

Нурболот МИРЗАХМЕДОВ, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:

-Мен 31-мартта барып, жалпы кызматкерлер менен эмес, тийиштүү кызматтагылар менен эле жолукканмын. Ал жерге негизи контакт болгондорду билгени барганбыз. Барганда ал жердин иштөө шартын көргөнмүн. Алар компьютерлердин эскилиги жетип, жараксыз абалга кептелгенин, ошол жерде күнү-түнү иштеп жаткан кызматкерлеринин жашоо шарты оор экендигин жалпы эле көйгөйлөрүн айтып калышты. Мен резервдик фондубуз бар, ушундай кырдаалдарда жардам берип колдоо көрсөтөбүз деп айткам. Мыйзам чегинде ушул кызматкерлерге материалдык жардам болобу же башкабы өзүңүздөр карап чечип аласыңар, мен 300 миң акча бөлүп берейин дегем. Болгону мен алардын көйгөйүн кат аркылуу жазарын айтканмын. Кат жазышкан, анан мен акчаны бөлүп бергем. Биз ал акчаны айлык акыга эмес, керектүү нерселерге бергенбиз. Айлык акыга болсо, анда аны эсепчи кагаз түрүндө мыйзамдаш керек болчу. Бирок аларды максатсыз пайдаланды дегенден да алысмын. Болгону кандайдыр бир катачылыкка жол берилип калышы мүмкүн. Эгер ошол акчаны жетекчи менен эсепчи өзү эле бөлүп алса, анда бул башка маселе болчу, аны жалпы курамга бөлүштүргөн. Мунун канчалык туура эмес же тууралыгын эми сот чечет.

Өкмөттүн Жалал-Абад областтык резервдик фонду өзгөчө абал учурунда коронавирус менен күрөшүүгө 2 601400 сомду жергиликтүү бийликке жана медициналык мекемелерге бөлүп берген. Алсак, Сузак санэпид көзөмөл борборуна (СЭС) -300 миң сом, Жалал-Абад СЭС – 300 миң сом, Сузак айыл өкмөтүнө – 300 миң сом, Майлуу-Суу шаардык мэриясына – 200 миң сом, Кара-Көл шаардык  мэриясына – 200 миң сом, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө – 200 миң сом, Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборуна – 180 миң сом, Сузак ТБ – 300 миң сом, Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканага – 70 миң сом, Жалал-Абад шаарынын жана  Сузак районунун жакыр үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамга – 200 миң сом, Таш-Көмүр шаардык мэриясына – 200 миң сом, Жалал-Абад СЭСке (экинчи ирет) – 151 миң 400 сом берилген.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17