Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
817 Бардыгы / Орусияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү башталды. Өзгөртүүлөрдүн арасында Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн жокко чыгаруу сунушу бар. Эгер Баш мыйзам колдоо тапса, президенттин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат. Конституция боюнча бир жума бою — 1-июлга чейин добуш берүүгө болот. Бул үчүн Орусияда 96,5 миң, чет өлкөлөрдө 254 добуш берүү тилкелери ачылды. […]
818 Бардыгы / Орусияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү башталды. Өзгөртүүлөрдүн арасында Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн жокко чыгаруу сунушу бар. Эгер Баш мыйзам колдоо тапса, президенттин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат. Конституция боюнча бир жума бою — 1-июлга чейин добуш берүүгө болот. Бул үчүн Орусияда 96,5 миң, чет өлкөлөрдө 254 добуш берүү тилкелери ачылды. […]
ОРУСИЯДА КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ДОБУШ БЕРҮҮ БАШТАЛДЫ
25.06.2020 / Автор anarkan_kg

819 Бардыгы /
Орусияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берүү башталды. Өзгөртүүлөрдүн арасында Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн жокко чыгаруу сунушу бар. Эгер Баш мыйзам колдоо тапса, президенттин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат.
Конституция боюнча бир жума бою — 1-июлга чейин добуш берүүгө болот. Бул үчүн Орусияда 96,5 миң, чет өлкөлөрдө 254 добуш берүү тилкелери ачылды.
Коронавирус эпидемиясына байланыштуу айрым райондордо өлкө тарыхында биринчи жолу ачык асман алдында, чатырларда добуш берүү уюштурулду. 21-июнга чейин арыз жазгандар үйүндө да добуш бере алат.
Москва жана Нижегород облустарында 25-30-июнда добуш берүү электрондук түрдө өтөт. Москвада бул үчүн бир миллиондон ашуун киши — ар бир жетинчи шайлоочу каттоодон өттү.
Орусиянын алыскы аймактарында жайгашкан 67 миң жаран добуш берип бүттү. Бул тууралуу 23-июнда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова билдирди.
Акыркы айда ЖМКлар бийлик жарандарды добуш берүүгө мажбурлап жатканын жазышууда. Көбүнчө мугалимдер, дарыгерлер, курулуш компаниясынын жумушулары, студенттер жана абакта отургандар даттанышууда. Памфилова арыздангандардын көбүн “фейк” деп атады.
Добуштарды саноо 1-июлда шайлоо тилкелер жабылгандан кийин башталат.
Июндун башында Путин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жалпы элдик добуш берүүнү 1-июлга белгилеген. Адегенде добуш берүү 22-апрелге пландалып, коронавирус эпидемиясынын айынан кийинкиге калган.
Орусиянын Баш мыйзамына кирчү өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин да 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Демилге Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акцияларынын чыгышына түрткү болду. 67 жаштагы Путиндин бийлик башында отурганына 20 жылдан ашты.
Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн жалпы элдик референдумда добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдоого тийиш.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНА ЖАҢЫ АТАЙЫН ТЕХНИКАЛАР АЛЫНДЫ
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg «ЫЙМАН НУРУ» ДЕПУТАТ СУЛТАНБАЙ АЙЖИГИТОВДУ ФРАКЦИЯДАН ЧЫГАРДЫ
-
13.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.