Аймак

COVID-19 МЕНЕН КӨРҮНБӨГӨН КҮРӨШ

COVID-19 МЕНЕН КӨРҮНБӨГӨН КҮРӨШ

 1,899 Бардыгы /

Коронавирус илдети күнүгө күч алып, кулачын кенен жайган убакка жетип келдик. Акыркы күндөрү ооругандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканы коомчулукка маалым. Ошону менен эле эл арасында бул илдет бар экенине же өтө коркунуч жаратпасына ишенгендер жок эмес. Бирок көзгө көрүнбөгөн пандемия менен дагы да күрөш жүрүүдө. Төмөндө ушулар  тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Рома УРАИМОВ, Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунун башкы директору:

-Башында март айында башталып, өзгөчө абал киргизилди. Элдин көбү карантинде болуп, оору көп таркалган жок. Кийин чектөөлөр алынган соң оорунун таркалуусу күчөдү десек болот. Эрежелерди сактагыла десек, элдер ал кимдир бирөө үчүн гана деп түшүнүшөт. Оорунун бардыгына ишенбей жатышат. Чындыгында бул илдет бар, оорунун бар же жогу массалык түрдө ооруп калуудан эмес. Негизги сактануунун жолу: беткап тагып, аралыкты сактап, колдорду тез-тез жууп же антисептикалык каражат колдонушса, ооруну бир топ чектейт элек. Бүгүнкү күндө мындай эрежелерди көпчүлүк жарандарыбыз аткарбай калышты. Абалга жараша коомдук тамактануучу жайларды да текшерүүгө алып, биз болгону эрежени сактабагандарга гана айып пул салуу менен гана чектелип калабыз. Эгерде ошол жерден оору чыкса гана жаптырабыз. Жеке ишкерлер дагы санитардык эрежелерди сактап, кардарларга да айтып, жоопкерчилик менен иш алып барышса деген максатта ал жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Эгер илдет бир көчөдөн чыкса, ошол көчөнү гана карантинге алып коюлушу мүмкүн. Азыр адамдар бул илдетти кадимки эле сасык тумоодой эле көрүп жатышат. Чындыгында сасык тумоого окшош белгилер байкалса, анда дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Болбосо 118ге байланышса, ошол жерге мобилдик топ же дарыгер барып текшерип көрөт. Тургундар өз алдынча дарыланбай, убагында дарыланса жакшы натыйжа болот. Анткени бейтаптар өз алдынча дарыланып ооруну өөрчүтүп, мындан жеңил формасынан оор формасына өткөрүп алышууда.

Рахима АСАНОВА, Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы бак лабораториянын бөлүм башчысы:

-Азыркы учурда облус боюнча коронавируска тапшырылган анализдердин баары ушул жерге келет. Лаборатория 24 саат бою иштейт, эки кызматкер эмгектенип жатканбыз. Дагы эки кызматкерди алып, аларга анализди текшерүүнү үйрөтүүдөбүз. Булар көп убакытты талап кылуучу анализдер болуп саналат. Кызматкерлерди үйрөтүп алсак, жумушту уланта беребиз, себеби бир ай же бир жарым ай дем алышсыз иштөө деле кыйын. Күнүнө 200-250 анализ жасалууда. Бир анализ 7-8 саатта чыгып калат, жыйынтыгы күмөндүү же күмөнсүз деп беребиз. Эгер биринчи жолу күмөндүү болуп чыкса, анда биз аны 3-4 жолу текшерип көрүп, анан жыйынтык чыгарабыз. Ушул убактарда гана бейтаптардын анализи кармалып калууда, калгандарын бир сутканын ичинде берүүгө аракет кылабыз. Бул жерден вируска күмөндөлгөн анализди кайрадан Ош же Бишкекке ырастоо үчүн жиберебиз. Лабораторияга оорулуулардын анализи код номери менен гана келет. Анын фамилиясы, дарегин же кимдикин текшергенибизди билбейбиз. Өзүбүздө коргоочу каражаттар жетиштүү. Ар жолку лабораторияга киргенде жаңы формаларды кийип киребиз. Бизге жугуп калуу ыктымалдуулугу төмөн, анткени бир да ачык жерибиз калбайт. Форма менен көз айнектин же башка ачык кала турган жерлерибизге лейкопластрдан чаптайбыз. Бир лаборант кирип 7-8 саат ичинде үлгүргөнүнө карап 100 же 150 анализди чыгарат.

Бакир АЙДАРАЛИЕВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

-Бул оорунун бар экени ырас, ошондуктан бардык эрежелер дагы чыкты. Калк саламаттыгы үчүн карантин жана өзгөчө абал жарыяланды, жок деп айткандарга такыр ишенбей, өзүбүздү этият карашыбыз керек. Бул оорунун алдын алуу үчүн бардыгын үй-бүлөдөн баштап эрежелерди сакташыбыз зарыл. Тазалыкты сактаганыбыз баарынан да маанилүү. Кол алышып саламдашпай эле алыстан салам берип, аралыкты сактоо керек. Болгону адамдар өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кайдыгер карабашы керек. Мамлекет колдон келишинче аракетин көрүп жатат, бирок көпчүлүктү башкаруу да кыйын экен. Болушунча түшүндүрүү иштерин дагы көбөйтүп, бул илдетке олуттуу караш керек. Бишкекке жакында барып келдим, ал жактагылар такыр эрежелерге баш ийбей жүрүшөт. Жалал-Абадда кичине болсо да эрежелер сакталууда, бирок толук эмес.

Алтынай МАМАДАЛИЕВА, шаар тургуну:

– Айлананы карасаң баары бет кап такпай эле жүрүшөт. Азыр болуп жаткан абалга жараша барыбыз колдон келгенче сактануубуз керек. Ар бир адам өз ден соолугун ойлобосо дагы, башкаларды ойлошу керек. Баары оңой карап калышты же оорунун бар экенине ишенбей жүрүшөт. Биздин кайдыгерликтен улам оору көбөйө берет. Кыргызды Кудай сактайт деп айтышат, Кудай деле сактанганды сактайт. Акыркы убактарда тааныштарыбыз да ооруп калган учурларды көрүп жатабыз. Алардын ооруканага кайрылганын Жалал-Абадда эмес, жада калса Ошко чейин көрүнүп жатышкандарын угуудабыз. Ал эле эмес телефон менен сүйлөшсө үнү каргылданып, дем жетишпей жактаны байкалып турса анан кантип ишенбейсиң? Элдер бет кап тагынып, көчөдөн үйгө барган соң жуунуп-тазаланышы зарыл. Ар бирибиз көчөдөн бет капсыз адамдарды көргөндө эмнеге бет кабы жок экендигин сураш керекпиз. Мен коомдук жайларда, транспортто жүргөндө эрежелерди сакталуусун талап кылып айтам. Анда деле жаман көрүшөт. Ар бири өзүнө сак болсо дейбиз. Өзүбүз үчүн коркпойбуз, үйдөгү бала-чака, кары ата-энелерибизден коркот экенбиз. Көпчүлүгү балдарын көчөдө бейкапар ээрчитип жүрүшөт. Оору жугуп калат, этият бололу деген ар адамдын оюнда болуу керек.

Гүлнара МАМАТАЛИЕВА, Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары:

-Облус аймагында 249 адам коронавирус илдетине кабылып, 186сы дарыланып чыкты. Бейтаптар ооруканадан чыккандан соң эки жума дарыгерлердин көзөмөл алдында жүрөт. Азыркы учурда ооруканада 59 бейтап дарыланып жатат. Областтык ооруканада 40, Ноокен аймактык ооруканада 11, Кочкор-Атада 1, Сузакта 6 бейтап дарыланууда. Тиешелүү дары-дармектер менен дарылап жатабыз. Чет мамлекеттен келгендер, илдетти жуктургандар менен жакын байланышта болгон 1394 жаран үй шартында медицина кызматкерлеринин көзөмөлү алдында турат. Медицина кызматкерлеринин арасынан 22си илдетке чалдыккан. Ал эми 4 бейтап каза тапты. Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө. Аралыкты сактоо, бет капты туура тагуу тууралуу маалыматтарды таратууда. Байкашыбызча көп жерлерде сантиайзерлер орнотулган эмес, колдорун тазалабай жүрүшөт. Коомдук транспорттордун ичинде, коомдук жайларда тазаланбай жатат. Маршруткалар мурункудай эле элди толтуруп алышууда, ичинде бет кабы бар деле, жогу деле чыгууда. Ошондуктан аларды медицина кызматкерлери көзөмөлгө алууга күчү жетпесе дагы жергиликтүү бийлик, транспорт инспекциялары көзөмөлгө алып койсо ооруга бөгөт коюлат эле. Бул ооруга ишенбеген адамдарды ооруканага киргизип, ооруган адамдарды көрсөтүп коюш керек. Бул оору жок болсо, анда мынчалык жоготууга кабылбайт элек. Вирустар өзгөрүп турат, алардын түрлөрү көп. Адамзаттын санынан дагы вирустардын саны көп болгондуктан алар биз менен жашабай, биз вирустардын арасында жашайбыз.

 Илдетке чалдыккандын абалы

COVID-19: “Дем алуу начар, сөөктөрүм ооруп жатат, жыт сезбей калдым, дене табым 39°С” …

Сактагыла десе милдет кылып уруштук эле, эми эмне болот?! Жайылып кетти окшойт. 
Арабызда эле айрым акмактар “вирус жок, ал ойдон чыгарылган саясат” деп элди эки анжы ойго түртүшкөн болчу.

Эрежени сактаган эч ким жок, көчөдө жайылып эле эс алуу жайларда темселеп жүргөнү андан көп… 
Өзүнүн ден соолугун колко кылып, жоопкерчиликти сезбегендердин күнөөсү көп. Мындан ары кыйын эле болот окшойт…


Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17