Аймак

Иса МАДАНБЕКОВ, хирург: “БЕЙТАП ӨТӨ ООР БОЛСО, ӨЗҮҢ ӨЛҮМ МЕНЕН ТИКЕ ТУРАСЫҢ…”

Иса МАДАНБЕКОВ, хирург: “БЕЙТАП ӨТӨ ООР БОЛСО, ӨЗҮҢ ӨЛҮМ МЕНЕН ТИКЕ ТУРАСЫҢ…”

 5,523 Бардыгы /

Коронавирус пандемиясы менен болгон күрөштө дарыгерлер алдыңкы катарда турушат. Алар элдин саламаттыгын сактоодо, бейтаптарды аман алып калууда өмүр менен өлүмдүн ортосунда тирешти. Учурдун баатырлары болгон дарыгерлер өз саламаттыгынан да элдин денинин сактыгын биринчи орунга коюп, кызыл зонадагы кыйынчылыктарга карабай иштеп жатышат. Өз эрки менен кызыл зонада иштеген дарыгер, Жалал-Абад облустук аймактык ооруканасынын онкология бөлүмүнүн башчысы, хирург Иса Маданбеков менен маек курдук.

Алгач өзүңүз тууралуу азын-оолак кеп салсаңыз?

-1969-жылы 12-августта Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келгем. 1994-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтун аяктаганмын, кебисим хирург. Ошондон тарта 2000-жылга чейин Жалал-Абад аймактык оорукананын Хирургия бөлүмүндө хирург болуп иштедим. Андан соң онкология бөлүмүнө которулдум, 2017-жылдан бери ушул бөлүмдүн жетекчиси болуп эмгектенип келем.

-Кесибиңиз хирург болсо да кантип кызыл зонага кирип, иштеп чыктыңыз?

-Алгач илдет мартта башталганда оорулуулар аз болчу. Анда инфекция бөлүмүнүн дарыгерлери иштеп жатышты. Бирок бүт оорукана күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Карантин алынгандан кийин акыркы учурда илдет көбөйүп кетти. Анан дарыгерлер жетишпей баштады. Кызыл зонага кирген биздин дарыгерлерден ооруп калгандар, дарыланып жаткандар болду. Ошондон оорукананын администрациясына барып, мен өз эрким менен кызыл зонада иштейм дедим. Менин адистигим хирург болсо дагы, бизге онлайн сабактар болгондуктан илдеттин мүнөздөмөсү менен тааныштым. Мурун кирип, чыккан дарыгерлерден кеңеш алдым. Ошентип төрт дарыгер жалаң жаш дарыгерлерден команда топтоп, 12 дарыгер, 28 медайым болуп 14 күнгө инфекция бөлүмүнө кирип кеттик. Бул топко мени жетекчи кылып дайындашты, график түзүп, төрт группага бөлдүм. Бөлүмгө кирген команда өзү оорулууларга карап, бир топ канча саат иш алып барышы керектигин өздөрү чечишет. Медайымдарга жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирем. Ишин так жана берилүү менен жасап, көп тажрыйба топтоп, көп нерсени үйрөнүштү. Башчылык кылган төрт дарыгерлерге да ыраазычылык, ушулардын билими менен аракети менен көп адамды өлүмдөн сактап калдык.

-Кыйчалыш кызыл зонанын кыйынчылыктары?

-Аябай жигердүү иштедик, биздин нөөмөттө өлүмдүн саны кескин азайды. Инфекция бөлүмү 106 орунга ылайыкташтырылган, бирок биз барганда 104 оорулуу бар болчу. Алардын жетимишке жакыны абалы оор болуп, өз алдынча дем ала алышпайт эле. Бизде 8 адамдан айрылып калдык. Кайгырдык, сактап кала алган жокпуз. Себеби жардам бере албай турган акыркы стадиялардагы бейтаптарды куткара албадык. Ошол 14 күндүн ичинде 148 адамды дарылап чыгардык. Күндүзбү-түнүбү оорулуулар келе берет, тыным жок. Өтө оорулуу болуп калса өзүбүз көтөрүп, алып чыгып, же алып кирип жаттык. Себеби туугандары кире албай, бардык ишти өзүбүз жасаганга туура келди. Ошондо жаш, арык медайымдар да көтөрүп, өзүбүз палатага жаткырып, тамак-ашын берип, жууркан-төшөктөрүн салып жүрдүк. Ичинде эч ким жок, бирөөдөн жардам сурай албайсын. Өтө оор бейтап келип калса, өзүң өлүм менен тике туруп, болгон билимиңди жумшайсың.   

       

Коргоочу кийимдердин коргоосунан дагы ашып түшкөн ыңгайсыздыгы?

-Бөлүмдүн ичинде ийненин көзүндөй жериң ачык болбошу керек. Жуктуруп алуу коркунучу болгондуктан бутуңдан башыңа чейин жабык болот. Өтүк, коргоочу кийим, кол кап, баш кийимдер баары резинадан, респиратор, көз айнектерди тагынып иштеп жаттык. Кийимдер резина болгондуктан аба өткөрбөй, өтө ысык болуп жатты. Төрт саат ичинде көл-шал болуп тердеп, териң өтүккө түшүп, анда эки бут кийимиңде 1 литрдей суу топтолуп калат. Иштеш өтө кыйын, көз айнек буу болуп калып, көрүнбөй калат эле. Анын үстүнө оорукананын ичинде дагы шамалдатуу жок. Бөлүмдүн ичи ысык, күн дагы 30 градустан жогору болуп жатты. Ага чыдабай кээ бир медайымдар жыгылып калган учурлар болду, бирок кийин көнүп кетишти.

Ооруканадагы жетиштүү шарттын жоктугу көйгөй жаратпай койбосо керек?

-Оорукананын администрациясы керектүү жардамдарды берип, колдон келген аракетин кылды. Бизде дары-дармек, коргоочу кийимдер жана тамак-аш боюнча нааразычылык жок. Бирок чынында жаңы типтүү ооруканалар курулса жакшы болмок. Биздин имараттар эскирген да. Ичинде душтагы же даратканадагы суусу бузулуп калат, розеткалары ээрип кетет ушул сыяктуу нерселер болуп жатты. Күндө болбосо дагы күн алыс болуп турду. Эми заманбап, типтүү оорукана болсо элге деле ыңгайлуу болор эле. Бул деген мамлекеттин деңгээлиндеги көйгөй.

згөнү эмес, өзүн да ойлобогондор жан кейиткен учур. Негизи эрежени сактабай оорунун токтотуу мүмкүн эмес да, туурабы?

-Ар бир адам өзү үчүн сак болуп, башкага жуктурбай турган деңгээлге жетишибиз керек. Көчөдө, базарларда эрежени эч ким сактабай жатат.Бул илдет биринен экинчисине тез эле жугуп калат, бирок аны эске албай жатышат. Илдетти эрежени сактабай коюп токтотуу мүмкүн эмес. Дарыгерлерге эле кыйын болуп калууда, илдет бизге деле керек эмес. Мамлекет да бул ишти көзөмөлгө алуусу жана айыппул салыппы же башка арга кылып, жолго салуусу керек. Биздин топ караган ар бир бейтап менен байланышып, ал-абалың сурап турабыз. Өзүбүз дагы обсервацияда жатабыз. Бул жакка Камал Сооронкулов, Чыңгыз Джубаев деген жигиттер бизге чейинки, бизге, бизден кийин жаткан дарыгерлерге күндө түшкү тамак жана башка нерселерди алып келип турушту. Ар жерде иштеген, бей тааныш адамдар, бир нерселерли көтөрүнүп, бизден кабар алышты. Булардын эч кимиси ооруган деле жок, жөн эле сурап жатышты. Биздин эл ынтымактуу жана биримдиктүү экенине ынандым.

Дарынын жетишсиздиги көйгөй жаратпадыбы?

-Дары-дармектен таңкысытык байкалган жок. Өзүм күбө болдум, мамлекет да демөөрчүлөр дагы камсыздап турушат. Бирок кээде гана башка паталогия, кант диабети, бөйрөк оору менен ооругандардын дарылары жок болуп калганда жакындары жеткирип турушту. Кычкылтек концентраторлору ар бир палатада бирден бар болчу. Ал эми азыр борборлоштурулган бирдиктүү концентратор тартылган. Бир жерден жез түтүкчө менен кычкылтек берилет. Ар бир оорулуунун керебетине келет. Керек болгондо кнопкасын басып, өзү дем алып жата берет. Кычкылтек концентраторун күйгүзүп, анын абасын азайтып, көбөйтүп олтургуча бирдиктүү концентратор ыңгайлуу.

Замандын баатырлары болгон дарыгерлердин коомдогу кадырын элдер түшүнүп жетти көрүнөт?

-Ковид баштала электен мурун фейсбуктан бир постту окуп калдым эле. Аны жазган адам өзү медик деле эмес окшойт. Түшүндүрүп кетейин, ал жерде элге, бийликке карата жазылган экен. “Медиктерди жаман абалга алып кетип жатасыңар. Ишине барып урушуп жатасыңар, айлыктары аз. Алар каралбай калды. Бир күн келет силер алардын алдында жалдырап, тизелеп калчу учур да алыс эмес” деген мааниде экен. Кой, мындай болбой эле койсун деп, ичимден күлүп койгонмун. Мен өзүмдүн тажрыйбамдан айтайын дарыгерлерди ар ким келип урушуп, уруп кеткен күндөр болгон. Баарыбир “карабай койдуң, урушуп койдуң” дешип дарыгерлер күнөөлүү болуп калган. Азыр эми турмуш өзү көрсөтүп жатат, дарыгерлерсиз жана медицинасыз жашоо кыйын экенин. Элдер өздөрү да түшүнүп, ыраазычылыктарын айтып жатышат. Бул жерде халатты кийип 1 саат иштей албагандыгын да айтышат. Ошондуктан медиктерге жакшы көңүл бөлүнүшү керек. Бала-чакасы бар, биртке айлык алып, элдин саламаттыгы үчүн тынбай жан үрөп келишет. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерине жакшы шарт түзүлүп, медицина тармагына реформа жасалышы керек. Мындай система менен алга жылып же бир нерсе кылыш кыйын. Биз дарыгерлер бул нерсени чече албайбыз, жогорку жак чече турчу маселелерден.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17