Аймак

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУ ПАНДЕМИЯНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ҮЧҮН ТАЖИКСТАНГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУ ПАНДЕМИЯНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ҮЧҮН ТАЖИКСТАНГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

 1,212 Бардыгы /

Эл аралык валюта кору пандемиянын экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө бериле турган жардамдын экинчи топтомун жактырды. Анын алкагында 28 өлкө, анын ичинде Тажикстан каржылык жардам алат.

Тажикстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы карызы 3,1 миллиард долларды түзөт. Бул орточо эсеп менен ар бир жаранга 330 доллардан туура келет.

Быйыл май айында Эл аралык валюта корунун Аткаруу комитети «тездетилген насыялоо механизминин алкагында» «COVID-19га байланышкан чыгымдарды канааттандыруу үчүн» Тажикстанга 10 жылдык мөөнөткө 189,5 миллион доллар бөлүүнү, анын беш жылына жеңилдиктерди берүүнү жактырган.

Эл аралык валюта корунун божомолуна ылайык, коронавирус инфекциясынан улам жаралган каатчылыктын жыйынтыгында Тажикстандын экономикасы быйыл 2% төмөндөп, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 7,7% чейин жогорулашы мүмкүн.

Уюмдун 6-октябрда жарыяланган жаңы баяндамасына ылайык, коронавирус пандемиясы Тажикстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүсүн улантууда.

Май айында Тажикстандын өкмөтү COVID-19дун социалдык-экономикалык тармактарга тийгизе турган терс таасиринин алдын алуу максатында калкка, кичи жана орто бизнеске бир катар жеңилдиктерди берген. Анын ичинде 1-апрелден 1-сентябрга чейин туризм тармагындагы объектилерге, мейманканаларга, коомдук тамактануу жайларына, ден соолукту чыңдоо жана спорттук борборлорго салык каникулу берилген.

Ал ортодо Дүйнөлүк банк күн мурун жарыялаган баяндамасында Тажикстанда акыркы 20 жылдан берки эң чоң экономикалык төмөндөө байкалып жатканын белгилеген. Мындан тышкары пандемия өлкөнүн туризм жана мейманкана бизнесине өтө чоң сокку болгону жазылган. Уюм 2021-жылы Тажикстандын ички дүң өнүмү 3,7% чейин өсөт деп болжолдоп жатат.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17