Аймак

Рита Карасартова, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт: “Жалал- Абад шаарында партиялык кызыкчылыктан чыгып, жалпы кызыкчылыкка биригүүсү керек “

 2,477 Бардыгы /

Рита Карасартова, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт: "Жалал- Абад шаарында партиялык кызыкчылыктан чыгып, жалпы кызыкчылыкка биригүүсү керек "

Учурда Жалал-Абад шаарынын бюджетинин киреше, чыгашасы жана максаттуу пайдалануу боюнча шаардык кеңештин депуттарынын 2014-жылдын бюджетин бекитүүдө коомчулуктун катышуусу зарыл экени маалым. Ушул максатта жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары боюнча эксперттерге кайрылып пикирин уктук.

-Жалал-Абад шаары республикада 3-шаар деп эсептелинет. Жергиликтүү бюджеттин кирешесин коомчулукка маалымдоо, бюджетти кабыл алууга коомчулук таасирин күчөтүү аракеттери көрүлүп жатат. Сиз эксперт катары ушул канчалык деңгээлде ишке ашып жатат деп ойлойсуз жана кандай көйгөйлөр болуп жатат?

– Бүгүнкү күндө бул көйгөй бүт эле шаарларда бар. Жергиликтүү бийликтин чын эле коомчулукка угузалы деген ниети бар болгону менен аны кандай туура жасаганды билбегендигине байланыштуу натыйжасы жакшы болбой жатат. Коомчулукка башка тилде көрсөтүш керек. Мисалы, мэриядагы финансы бөлүмдөр финансист болгондугуна байланыштуу кайсы тармакка канча акча кетирип жаткандыгы тууралуу акча каражатты көрсөтүп коюшат. Бул эл үчүн анча маанилүү эмес. 7 сом кетип жатабы же 5 сом кетип жатабы деп укканы менен канааттандыруу маалыматы болбойт да. Ошол 5 сомдун артында эмне натыйжа жатат, менин ушул каржылоонун негизинде шаардык катары жашоом эмне менен жеңилдейт жана эмне көйгөйдөн мен арылам дегенди көрсөтсө, жалпы бюджеттин 330 млн. акча кетирилет экен, ошондо бир натыйжа бар дегендей болуш керек. Тилекке каршы ошондой долбоор бюджетти алып бере албай жатат. Анткени бир бюджет аябай чоң. Бир бюджеттин баарын кабыл алып бүтүш үчүн мэрия жок дегенде 4-5 багытка бөлүп алып мисалы, социалдык, экономикалык, инфраструктуралык тармактарга бөлүп алып өзүнчө өзүнчө ар бирин талкуулап, ар бир талкууга билген адистерди , “сиз кандай деп ойлойсуз, кандай ыкмалар бар, кантип элди социалдык мобилизация кылабыз, кантип элдин кошумча кошкон акчаларын чогулта алабыз” деген маселелерди чече турган болсо, ошондо эл “менин добушум мэрияга керек экен, менин тажрыйбам, оюм элге керек экен” деп эл келет да. Эл келип өзүнүн ой-пикирин айтышкандан кийин, менин айткан сөзүм ишке ашат турбайбы дешип ишке катышканга дагы кызыктар болот дагы, акчасы барлар акчасын кошуп берип, анткени ошол эле бала бакча, ошол эле мектеп же жолбу бул өзүбүздүн жашообузду жакшырткан болот. Ошондо социалдык мобилизациянын арты менен бир топ иштер бүтүп калмак. Тилекке каршы, бюджеттик угууну өткөрүп жатабыз деп ачык айкындуулуктун критерийи болгону менен жасалма эле акча каражатын көрсөтүп коюп жатабыз да. Анын натыйжасында эмне натыйжа бар экендигин айтпагандыгына байланыштуу элдерге бир жылдагы бюджет чоң сан болуп көрүнүп, оңолуп жана оңолбой жатканын да сезишпейт. Адам баласы жаман нерсени бат кабыл алып, жакшылыкты көрбөй да калабыз. Ошон үчүн элге тез жетүүчү нерсе – бул азыр ММК, сайт ошолорду өнүктүрүп туруш керек. Ошондо элдин бийликке болгон көз карашы өзгөрөт.

– Бюджеттин көбү эле социалдык камсыздоого жумшалат да, өнүгүүгө азыраак кетип калып жатат . Ошону көбөйтүш үчүн жергиликтүү жарандар эмне кылышыбыз керек?

– Андайды өнүктүрүш үчүн программаларды түзүш керек. Мисалы, социалдык камсыздоо качан болот, жакыр элдер жакырчылыктан чыкканда, а майып болсо ага өзүнчө бөлүнүп кетет. Биз негизи өзүбүз эмнеден кыйын экенибизди билишибиз керек. Башка регион башка шаарларга караганда эмне артыкчылыгыбыз бар деп ошону өнүктүрө билип, ошону билим берүү жагынан, кийин жумуш болуп жатканда камсыздоо жагынан, жумушу жасалып бүткөндө аны башка региондорго, башка мамлекеттерге кантип чыгарганга көмөк көрсөтөбүз деген програмаларды өнүктүрүп чыкса, ошондо жумуш иши, окуган окуусу, ал ошол кишилердин үй-бүлөсүнө келген кирешелери болуп, кийин чыныгы жакырчылыктан чыккан ошол болот.

– Шаардык кеңештин депутаттарынын бюджетти бекитүүдөгү позициясы сизди канааттандырабы? Коррупциялык системалар иштебейби?

– Жалпысы менен алганда шаарларда депутаттар партиялык тизме менен келип калбадыбы, ошол жактан кичине иренжиген нерсе бар да. Себеби жергиликтүү бийлик жергиликтүү көйгөйлөрдү чечпестен, партиялык кызыкчылыктын аркасы менен туруп алганды да көрүп жатабыз да. Ошон үчүн жергиликтүү бийликте партиялык системаны эртерээк киргизип койгонбузбу деген көйгөй бар. Жалпысынан ала турган болсок, эгер коомчулукта чыныгы коомдук көзөмөлдү колго алам деген бар болсо, анда коррупцияга жол бербейт. Анткен себеби, коомдук угуулар болгондо көп эле кишилер үйүндө отуруп алышып келишпейт да кийин коррупция деп айта беришет. Мында мен айтаар элем: Алгач сен келгин коомдук угууга. Ошол сайтты ачып, маалыматты көсөтүп: Бул акча каякка кетти?-деген татаал татаал суролорду берип турса, ошондо көзөмөлдүн алдында турган бийлик туура иштегенге дагы багыт алат. Ошон үчүн бюджет баары жарандардын колунда.

– Мисалы, бир эле бийликтин учурунда салыкты чогултуу көбөйүп кетет да, ал эми кийинки бийликтин учурунда салык чогултуу азайып кетет. Бирок ага элдер маани беришпейт.

– Ооба, бул мамлекеттик деңгээлдеги болгон коррупция. Анткени салык чогулта турган милдеттенме жергиликтүү бийликке бериле элек. Бул эң чоң көйгөй. Былтыркы жылы февралда салык кодексине өзгөртүү киргизилген. Жергиликтүү бийликке түшө турган салыктардын баарын бергиле, жергиликтүү бийлик өзү чогултуп, өзү контролдосун деп. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин бериле элек. Анан мамлекеттик салык кызматы жергиликтүү бийликтин бюджетине түшө турган акчага планды толтурумуш болушат, анткени алар кызыктар эмес, анткени ал алардын бюджети эмес. Жергиликтүү бийлик кызыктар болсо дагы аны баса калып чогултканга мүмкүнчүлүгү жок. А коррупция бар. Бизге туура эмес маалыматтарды бере беришет да. А коррупцияны болтурбоо үчүн реестр түзүш керек. Ар бир жаран канча салык төлөп жатат- деген электрондук өкмөт түзмөйүнчө, системдүү автоматташтыруу системаларга барып туруп коррупцияны жоюшубуз керек.

– Жалал-Абад шаарынын перспектүү потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү кайсылар деп ойлойсуз?

– Тажрыйба боюнча карасак, мага ушул партиялык системада уруш-талаш болуп келе жатып, кайра келгилечи ушул баарыбыздын шаарыбыз бир шаар деген Ноокат шаарынын жакшы тажрыйбасы бар. Алар да мэрди шайлай албай ич ара бюджетти ары тартып, бери тартып, анан кийин бүттү эми токтотобуз, өзүбүздүн партиялык кызыкчылыктардын баарын артка коёбуз дагы: “Келгиле, колубуздан эмне келет экен” деген маселеде алышып, былтыр 6 айдын ичинде канча жылдардан бери болбогон жумуштарга мүмкүнчүлүк алышкан. Алардын бюджети 120 эле млн. Ошонун 60%ы алардыкы, ал эми 60%ы мамлекеттен келген категориялдык грант болчу. Ошол 60 миллионун дагы сарамжылоо менен ар бир тыйынын үнөмдөп депутаттар өздөрү комиссияга кирип карап атып бир топ иштерди жасашкан. Мен ойлойм, бул жактын партиялары да : “Келгиле партиялык кызыкчылыктарды артка коюп, Жалал-Абад шаарын 3-шаар эмес, биринчи жашыл, таза шаарга багыт алабыз десе мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби өнүгүп -өсүүгө шарттардын баары Жалал-Абадда түзүлгөн.

Акбермет Садыкова, Орозалы Карасартво, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17