Аймак

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ ТҮРҮ ПАЙДА БОЛДУ

КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ ТҮРҮ ПАЙДА БОЛДУ

 660 Бардыгы /

Британияда коронавирустун мутацияланган жаңы түрү пайда болуп, дүйнөнү дүрбөлөнгө сала баштады.
Британияда капысынан табылып, элге тездик менен жайылууда.
Британия өкмөтүнүн илимий кеңешчиси Патрик Валланс вирустун жаңы түрү демейдегиге салыштырмалуу 70 эсе кооптуу экендигин айтты. “Вирустун мутацияланган түрүнөн 23 түрдүү өзгөрүү байкоого болот. Вирустун бул түрү оңой жугуп, тездик менен жайылат. Расмий маалымат боюнча, Британияда коронавирустун жаңы түрү миңден ашык адамдан аныкталды”,-дейт ал.
Соңку күндөрдө айрым мамлекеттерде, айрыкча, Улуу Британия, Италия, Дания, Австралия, Нидерланды жана Түштүк Африкада жаңы коронавирус инфекциясынын аныкталган учурлары көбөйүп, абал курчуп барат. Бул мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Европа жана башка мамлекеттер да эл аралык аба каттамдарын токтотуу чечимин кабыл алган.
Британияда катталган коронавирустун жаңы түрү көзөмөлдөн чыгып кеткенин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Вирус эми Европанын башка өлкөлөрүнө да тарай баштады. Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталды, тактап айтканда, Данияда тогуз, Нидерландыда бар, Австралияда бир адамдан аныкталган.

Өз кезегинде дүйнөнүн 20га жакын өлкөсү анын ичинде Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү Улуу Британия менен болгон байланышты токтотту.
Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп Нидерланды бийлиги 1-январга чейин Улуу Британияга учкан аба каттамдарынын токтогонун жарыялады. Андан кийин Бельгия Британия менен болгон чек араны кеминде 24 саатка жапты. Буга байланыштуу Лондон-Брюссель жана Лондон-Амстердам темир жол каттамы убактылуу токтотулду.
Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Италия, Германия, Болгария, Ирландия, Литва, Латвия, Финляндия, Хорватия мамлекеттери Улуу Британия менен аба байланышын токтотту.
Мындан тышкары Түркия, Швейцария, Канада, Израиль жана Аргентина бийликтери да Британия менен аба каттамды токтотууга макул болушту. Сауд Аравия бир жумага чек араларын толугу менен жаап, бардык эл аралык каттамдарды жокко чыгарды.
Азырынча көпчүлүк өлкөдө колдонулуп жаткан коронавируска каршы вакциналар вирустун жаңы түрүнө канчалык туруштук бере алары анык эмес.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму чектөө чаралары күчөтүлүшү керектигин айтууда.

Эске сала кетсек Өзбекстан да аталган мамлекеттер менен 21-декабрдан тарта 2021-жылдын 10-январына чейин каттамдарын токтотту.


Байканбек САДЫКОВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17