Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
715 Бардыгы / Укук коргоочулар менен чет өлкөлүк саясий лидерлер Орусиянын бийлигин оппозиционер Алексей Навальныйды бошотууга чакырышты. Ал 17-январь күнү кечинде Германиядан Москвага учуп келгенден кийин аэропортто кармалган. Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын белгилеп, анын шарттуу мөөнөтү 3,5 […]
716 Бардыгы / Укук коргоочулар менен чет өлкөлүк саясий лидерлер Орусиянын бийлигин оппозиционер Алексей Навальныйды бошотууга чакырышты. Ал 17-январь күнү кечинде Германиядан Москвага учуп келгенден кийин аэропортто кармалган. Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын белгилеп, анын шарттуу мөөнөтү 3,5 […]
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЛИДЕРЛЕР ОРУС БИЙЛИГИН НАВАЛЬНЫЙДЫ БОШОТУУГА ЧАКЫРЫШТЫ
18.01.2021 / Автор aymak

717 Бардыгы /
Укук коргоочулар менен чет өлкөлүк саясий лидерлер Орусиянын бийлигин оппозиционер Алексей Навальныйды бошотууга чакырышты. Ал 17-январь күнү кечинде Германиядан Москвага учуп келгенден кийин аэропортто кармалган.
Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын белгилеп, анын шарттуу мөөнөтү 3,5 жылга эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылышы керектигин билдирүүдө. Бул маселе боюнча саясатчынын соту 29-январга белгиленди. Ага чейин 48 сааттын ичинде анын бөгөт чарасы каралышы керек.
Навальный Москва аэропортунда журналисттер менен болгон кыска маегинде кармаларын билгенин, бирок Орусияга кайтып келүү планынан баш тартпаганын айтты.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Навальныйдын кармалышында саясий боёк бар деп эсептешүүдө. Amnesty International уюму саясатчыны абийир туткуну деп атап, кармоо — анын «оозун жабуу» аракети экенин билдирди. Өз кезегинде Human Rights Watch уюму Навальный саясий себептерден улам кармалганын белгилеп, аны бошотууга чакырды.
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кремлдин 44 жаштагы сынчысынын кармалышын «жол берилбей турган жорук» катары сындап, аны тез арада бошотууну талап кылды. Ушундай эле чакырык менен Европа биримдигинин (ЕБ) тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррель жана Европа элдик партиясынын лидери Дональд Туск да кайрылуу жасады.
Навальныйдын кармалышын Балтика өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери (ТИМ) да айыпташты. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө эгер оппозициячы бошотулбаса, ЕБ Орусияга каршы санкцияларды киргизүү маселесин карашы керектиги жазылган.
Европанын башка өлкөлөрү да Навальныйды бошотууга чакырышты. Мындай пикирин Польшанын ТИМ башчысы «Твиттердеги» баракчасына орус тилинде жазды.
АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Навальныйдын кармалышын айыптап, орус бийлиги алгач анын ууландырылышын иликтеши керектигин белгиледи.
Беларустун оппозициялык лидери Светлана Тихановская да орусиялык оппозиционерди колдогон билдирүү жасады.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жекшемби күнү кечинде Навальныйдын кармалганы жөнүндө маалыматы жок экенин билдирди. «Кечиресиңер, аны Германияда кармаштыбы?», — деп жооп берди ал журналисттердин суроосуна.
Орусия ТИМинин өкүлү Мария Захарова батыш саясатчыларына жооп берип, мындай деп жазды: «Эл аралык укукту сыйлап, көз карандысыз өлкөнүн улуттук мыйзамдарына кол салбагыла жана өз өлкөңөрдөгү көйгөйлөр менен алектенгиле».
Навальный былтыр августта Томск-Москва учагында бараткан жеринен өзүн жаман сезип, Омск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй ал жерден Берлиндеги клиникага которулган. Европадагы бир нече көз карандысыз лаборатория ал Орусияда жасалган «Новичок» тобундагы зат менен ууландырылганын аныкташкан.
Орус бийлиги саясатчыга кол салуу фактысын тергөөдөн баш тарткан. Эл аралык иликтөөчү журналисттердин тобу ал ишке орус атайын кызматынын тиешеси болушу мүмкүн экенин аныктаган. Кремль дооматтарды негизсиз деп билдирген.
WWW
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg КОЧКОР РАЙОНУНДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
-
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg 100 МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН ЖЕР ТИЛКЕСИ МЕНЕН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.