Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
619 Бардыгы / Алматыда 10-январда өткөн шайлоолордо үкөктөргө салынган 20 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка караганда, жараксыз деп табылган бюллетендердин 10 280и парламент мажилисин, 10 364ү Алматы маслихатын шайлоо үчүн салынган. Бул шайлоочуларга берилген жалпы бюллетендердин 3% жакынын түзөт. — Шайлоочунун тандоосун так аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз […]
620 Бардыгы / Алматыда 10-январда өткөн шайлоолордо үкөктөргө салынган 20 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка караганда, жараксыз деп табылган бюллетендердин 10 280и парламент мажилисин, 10 364ү Алматы маслихатын шайлоо үчүн салынган. Бул шайлоочуларга берилген жалпы бюллетендердин 3% жакынын түзөт. — Шайлоочунун тандоосун так аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз […]
АЛМАТЫДА 20 МИҢДЕН АШЫК БЮЛЛЕТЕНЬ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ
18.01.2021 / Автор aymak

621 Бардыгы /
Алматыда 10-январда өткөн шайлоолордо үкөктөргө салынган 20 миңден ашык бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, жараксыз деп табылган бюллетендердин 10 280и парламент мажилисин, 10 364ү Алматы маслихатын шайлоо үчүн салынган. Бул шайлоочуларга берилген жалпы бюллетендердин 3% жакынын түзөт.
— Шайлоочунун тандоосун так аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылды. Алардын арасында талапкерлердин аты-жөнү чийилген, башка сөздөр жазылган жана эч бир талапкерге добуш берилбеген бюллетендер бар», — деди аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Жанна Асанова.
10-январдагы шайлоонун алдында оппозициялык маанайдагы бир катар активисттер жарандарды «адилетсиз» шайлоого нааразылык катары бюллетендерди атайылап бузууга чакырышкан. Добуш берүү күнү социалдык түйүндөргө партиялардын аталыштары сызылган же шайлоого катышпаган башка талапкерлердин аты-жөнү жазылган көптөгөн бюллетендердин сүрөттөрү жарыяланган.
Азырынча жалпы өлкө боюнча канча бюллетень жараксыз деп табылганы белгисиз.
Казакстанда 2011-жылдан бери шайлоо бюллетендеринде «баарына каршы» деген графа жазылбайт.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, парламенттик шайлоодо Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы добуштардын 71% алып, мажилистеги 76 орунга ээ болду. Мындан тышкары парламенттин төмөнкү палатасына бийликчил «Ак жол» жана «Элдик партия» өттү. Шайлоого оппозициялык күчтөр катышкан эмес.
Алматы шаардык маслихатын шайлоодо «Нур Отан» партиясы добуштардын 68% алып, жергиликтүү кеңештеги 29 орунга ээ болду. Дагы он мандат «Ак жол», «Элдик партия» жана «Ауыла» партияларына тийди.
Казакстандын бийлиги бул шайлоолор таза жана мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирди. Өз кезегинде ЕККУ миссиясынын байкоочулары шайлоолор атаандашсыздыкта өтүп, жарандар Конституция менен кепилденген эркиндиктери чектелгендиктен, чыныгы тандоо кыла албаганын белгилешти. Мындан тышкары уюм добуш берүү күнү адамдардын кармалышын айыптаган билдирүүсүн да жарыялады.
WWW
Автор aymak
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
07.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОКТОГУЛДА АРЗАН АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ УЮШТУРУЛДУ
-
-
19.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШ ШААРЫНДА СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАР ЗАЛАЛСЫЗДАНДЫРЫЛУУДА
-
-
03.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШМУГА ТАПШЫРГАНДАР ЖАҢЫЛЫШПАЙТ
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.