Аймак

КЫЗМАТЫН ӨТКӨРҮП БЕРИП ЖАТКАН МУФТИЙ МАКСАТ ТОКТОМУШЕВ КАРМАЛДЫ

КЫЗМАТЫН ӨТКӨРҮП БЕРИП ЖАТКАН МУФТИЙ МАКСАТ ТОКТОМУШЕВ КАРМАЛДЫ

 14,667 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине (Ж.Б.) карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кызматын өткөрүп берип кетип жаткан муфтий Максат ажы Токтомушевди кармады.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда кечинде кабарлады.

Атайын кызмат билдиргендей, ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, ал кылмышты жасоого экс-муфтийдин катыштыгы бар экендигине далилдер алынды.

Максат Токтомушев 10-февралда кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мурдараак муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар төккөн акчаны – 100 миллион сомдон ашык сумма – жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталганын билдирген.

Анда дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаганы маалымдалган.

Натыйжада 9-февралда Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү”) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган.

Факт боюнча тергөө уланууда. УКМК анын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, коомчулукка маалымат таратыларын тактады.

Бул окуядан кийин муфтий Максат Токтомушев кызматтан кетээрин 10-февралда эртең менен жарыялаган болчу. Кечинде болсо өзү кармалды.

WWW

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17