Аймак

КАНДУУ КАЛАБАНЫ УЮШТУРГАНДАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АПААТКА ӨБӨЛГӨ ЖАРАТКАНДАР ЭМДИГИЧЕ ЖАЗАЛАНА ЭЛЕК

КАНДУУ КАЛАБАНЫ УЮШТУРГАНДАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ АПААТКА ӨБӨЛГӨ ЖАРАТКАНДАР ЭМДИГИЧЕ ЖАЗАЛАНА ЭЛЕК

 123 Бардыгы /

         Элди, мамлекетти жок кылам десең, биринчи ирээтте анын моралдык, этникалык баалуулуктарын, руханий дөөлөттөрүн кыйрат! Салт-санааларынан ажырат! Сексти, зордук-зомбулукту, анархияны культка айландыр! Ошентип, алар курсагынан, инстиктинен башкаларга кызыкпаган, шыкактаган жакка гана жүргөн макулуктарга айланышат.

         Ален ДЕЛОН, АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматынын (ЦРУнун) негиздөөчүсү

         Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2010-жылдагы кандуу июнь коогалаңын кайрадан тыкыр териштирүүнү тиешелүү органдарга абдан катуу табыштады. Чындыгында эле бул таргедиялуу окуяга он бир жылга аяк басты. Тилекке каршы, эмдигиче каргашалуу калабага саясий жана укуктук жактан жеткилең, анан дагы калыс баа берилип, биржаңсыл чекит дагыле коюла элек. А түгүл атайылап уюштурулган Улуттар аралык араздашуунун нукура айыпкерлеринин бири дагы ушул күнгө дейре чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга экстарадацияланып, алигиче көкшүнү сууй элек калктын көзүнчө мыйзамдуу жазага тартылган жок! Дал ушунун өзү, тескерисинче, соңку тапта эл арасында бүгүнкү Бийликке карата ишенбөөчүлүктү ого бетер күчөтүп жаткан чагы…

         Элибиздин дагыле эсинде.  1990-жылдын 4-июнунда Ош жергесинде Кыргыз жана Өзбек улутунун өкүлдөрү өз ара жаңжалдашкан. Мындай күтүүсүз каршылашууга Кыргыз жаштарынын “Ош аймагы” жана Өзбек жаштарынын “Адолат” (“Адилет”) коомдорунун ич ара тирешүүсү гана себепкер болгон. Агезде Кыргыз жаштары Ош шаарына дагы отурукташып, бара-бара өздөрүнө мыйзамдуу түрдө жер тилкелерин бөлүштүрүп, энчиленген аянттарга кыдырата турак жай курушуп, үй маселелерин ошентип эле чечүүгө батыл киришкен. Ошол эле маалда Өзбек жаштарынын “Адолат” коомунун тарапкерлери жаңыдан эгемендүүлүгүн жарыялаган Кыргыз Республикасынын курамында Өзбек автономиялуу  облусун түзүүнү, ушуга улай эле Өзбек тилине мамлекеттик макам дагы ыйгарууну Бийликтен кескин түрдө талап кылышкан.

         Колубуздагы расмий маалыматтарга таянсак, ошол 1990-жылдагы Улуттар аралык араздашуунун маалында, мындайча айтканда, Ош окуясында 1200 киши бейкүнөө каза тапкан. А бейрасмий булактардын эсебинде он миңге чукул адам бейажал курман болгон.

         Ошентип, туптуура жыйырма жылдан кийин, тактап айтканда, 2010-жылдын 10-июнунан 11-июнуна оогон түнү өтө агрессивдүү маанайдагы жаштар Ош шаарына топтоло башташкан. Алардын баары тең жалаң арматура жана жыгач таяктар менен куралданышкан. Буга улай эле жаштардын дагы бир кадимкидей куралданган өзүнчө тобу эки улуттун (Кыргыздар менен Өзбектердин) ортосуна ачык эле от жагышып, тараптардын ич ара араздашуусун ого бетер ырбаткан. Муну үчүн тигилер жол ката жолуккан кишилерди чекесинен эле аткылашып, андан ары мамлекеттик мекеме-ишканаларга жана жеке үйлөргө дагы кыдырата өрт коюшкан. Баса, бул жанкечтилердин арасында снайперлер (көзгө атаар менгенчилер) болгондугу кийин ашкереленбедиби.

         Айтмакчы, ошогезде Жогорку Кеңештин экс-депутаты – “Ватан” (“Мекен”) партиясынын жолбашчысы Кадыржан Батыров кандаштарын – өзбектерди кыргыздарга карата ачык эле тукуруп, а түгүл “Бул учурду өзбектер жыйырма жыл күткөнбүз!” деген чакырыктарды дагы байма-бай таштап, жөн жаткан улутташтарын ого бетер ээликтирген. Бул татаал жана катаал күрөштө ага идеялаштары – Жогоку Кеңештин мурунку депутаттары Иномжан Абдырасулов, Жалолидин Салахутдинов жана Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Оштогу төрайымы Карамат Абдуллаева үзүлтүксүз жардамдашып, беймарал жаткан элди заматта бүлүккө түшүрүшкөн.

  • 2020-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуядан кийин ошол эле жылдын

19-апрелинен 15-июнуна дейре өлкөбүздөгү деструктивдүү күчтөр Кыргызстандагы коомдук-саясий акыбалды ого бетер курчутуп, төрт ирет массалык башаламандыкты удама-удаа уюштурушкан. Ушуга улай кыргыздардын жана өзбектердин өз ара араздашуусуна атайылап от дагы жагышкан, – дейт ошогездеги Баш Прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев.

  • 2020-жылдагы июнь кандуу калабасын деле качкын Президент

Курманбек Бакиевди тымызын колдошкон куйтулар, Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаттары, анан дагы ошогездеги мамлекет башчысынын бир туугандары, достору, Үй-бүлөлүк жана Криминалдык Башкаруунун тарапкерлери, Наркотрафикти көзөмөлдөөгө далалат кылышкан аткаминерлер Убактылуу Өкмөткө каршы атайылап уюштурушкан, – деп чындыкты моюндады Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, генерал Исмаил Исаков.

         Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) ошогездеги төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-Баш прокурор Кубатбек Байболов, Жалал-Абад облусунун ошол маалдагы губернатору Бектур Асанов ҮЧҮНЧҮ КҮЧТӨР жаңжалды андан ары кадимкидей ырбатышкан деп эсептешет. Бир катар ЖМКлар ара чолодо Тажик улутундагы снайперлер (көзгө  атаар мергенчилер), Орусиянын жана Американын чаллгындоо кызматтары дагы 2010-жылкы июнь коогалаңына активдүү аралашкандыгын ачык эле каңкуулашкан. Бирок, Улуттук комиссияга ушул маалыматтарды такташтырууга жана ырасттого Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бири дагы жардамдашкан жок!

         Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Бахтияр Фаттахов 2010-жылкы июнь коогалаңы жергебизде дагы кайталанбасы үчүн мындан бүгүнкү Бийлик дагы токтоосуз сабак алуусу абзел деп эсептейт.

  • Чукул арада күч түзүмдөрүнүн натыйжалуулугун арттырып, ошондой

эле кесипкөйлүгүн жогорулатуубуз кажет! – дейт Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Бахтияр Фаттахов. – Анан дагы Кыргызстанды туруктуу байырлашкан Улуттардын башын бириктирген Улуттук Идеология жакын арада ишке киргизилгени оң!

         Баса, 2010-жылкы айтылуу июнь коогалаңынын болушун шартташкан бардык деңгээлдеги жетекчилерге саясий жана укуктук баа берилбей калгандыгына Улуттук комиссиянын төрагасы, академик, Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын жетекчиси Абдыганы Эркебаев дагыле өкүнүп олтурат.

  • Убактылуу Өкмөт 2010-жылдагы июнь коогалаңы үчүн өзүнүн саясий

жана моралдык жоопкерчилигин ачык моюндап, атайын Билдирүү дагы жасаган. Бирок, юридикалык жоопкерчилик деген бар эмеспи. Мен жетектеген Улуттук комиссия кандуу окуяга түздөн-түз тиешеси бар кызмат адамдарына, маселен, облус, район, шаар башчыларына, УКМКнын, ички иштер министрлигинин тийиштүү кызматкерлерине саясий жана укуктук баа берилсин деген чечимге токтолгон. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө дейре бул бүтүм таптакыр аткарылбастан келатат.

         Канеткен күндө дагы Кыргызстандын Түштүгүндө 2010-жылы Улуттар аралык арадашуууну уюштурушкан Кадыржан Батыров жаана Карамат Абдуллаева чет өлкөдө бозгунда жүрүшүп, жарык дүйнө менен коштошуп, катаал жазадан опоңой гана кутулушту. Бирок, коогалаңга түздөн-түз тиешси бар Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Иномжан Абдырасулов, Жалолидин Салахутдинов, ОшТВ жана Мезон ТВ телекомпанияларынын директорлору Халилжан Худайбердиев жана Жавлон Мирзаходжаев чет өлкөлөрдө бозгун аталышып, дагыле билген намазын окуп жүрүшпөйбү.

         Президент Садыр Жапаровдун комиссиясы аталган айыпкерлерди Мекенине токтоосуз кайтарып, эл көзүнчө соттогонго кудурети жетээр бекен? Ушуга улай кандуу калабаны тыйыштын ордуна, тескерисинче, өөрчүшүнө гана өбөлгө жаратышкан жана түздөн-түз көмөктөшкөн жетекчилердин аттары ачык аталып, алардын баары тең мыйзам чегинде жазаланышабы? Үмүт үзүлө элек. Күтө туралычы…

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

2010-жылдагы июнь коогалаңын иликтеген Улуттук комиссиянын мүчөсү, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17