Аймак

ПРЕССА: ШИНЖАҢ ПАХТАСЫНА ЖАРЫЯЛАНГАН БОЙКОТТОН УЛАМ ӨЗБЕКСТАН «АК АЛТЫНЫНА» СУРОО-ТАЛАП КӨБӨЙҮШҮ МҮМКҮН

ПРЕССА: ШИНЖАҢ ПАХТАСЫНА ЖАРЫЯЛАНГАН БОЙКОТТОН УЛАМ ӨЗБЕКСТАН «АК АЛТЫНЫНА» СУРОО-ТАЛАП КӨБӨЙҮШҮ МҮМКҮН

 2,106 Бардыгы /

Дүйнө жүзү Шинжаңда өндүрүлгөн пахтадан баш тартып жатканына байланыштуу Өзбекстандын “ак алтын” рыногу өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Гонконгдогу The South China Morning Post басылмасы билдирди.

Кытай – пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Шинжаңдагы ак алтынды кайра иштетүүчү заводдордо 600 миңден ашуун киши иштейт. Былтыр Кытай 5,9 миллион тонна пахта өндүргөн.

Бириккен Улуттар Уюму менен укук коргоочулар Шинжаңда бир миллиондон ашуун уйгур жана башка аз улуттун өкүлдөрү эмгек жана түрмө лагерлерине камалып, укуктары бузулуп жатканын билдиришүүдө.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.

Быйыл январда Вашингтон Шинжаңда өндүрүлгөн пахтадан жана томат азыктарынан баш тарткан. Ушундай эле чектөө кийин Канада жана Британияда да киргизилген.

Бир нече эл аралык бренддер, анын ичинде H&M, Nike, Ralph Lauren, Gap жана American Eagle Outfitters алардын продукциялары шинжаң пахтасынан өндүрүлбөй турганын жарыялашкан.

Гонконг политехникалык университетинин чекене соода жана маркетинг кафедарасынын доценти Фан Ди кытай пахтасынан баш тарткан компаниялар өзбек ак алтынына кызыга башташы ыктымал экенин билдирди.

South China Morning Post гезитине анонимдүүлүк шарты менен маек берген өзбек аткаминери Өзбекстанда пахта өнөр жайындагы соода жана инвестиция алдыдагы 18-24 айда кескин өсө турганын айтты.

“Шинжаңда болуп жаткан нерселер – Өзбекстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк”, – деген ал.

Эл аралык «Cotton Campaign» («Пахта компаниясы») коалициясы балдардын эмгегин колдонуп, жарандарды мажбурлап иштетүү көрүнүшүнөн улам 2010-жылы өзбек пахтасына бойкот жарыялаган. Акцияны 100дөн ашык дүйнөлүк бренддер колдогон.

South China Morning Post маалымдагандай, соңку жылдары Өзбекстан балдардын эмгегин колдонуудан баш тартып, өкмөт пахта өндүргөн чарбаларды менчиктештирүү менен мажбурлап иштетүүнү жоюуда.

Cotton Campaign коалициясы Өзбекстан өкмөтү 2020-жылы пахта чогултууда мажбурлап иштетүүнү жоюу боюнча алдыга белгилүү кадам таштаганын билдирген.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17