Аймак

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН КИЧИ ФУТБОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН КИЧИ ФУТБОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

 2,556 Бардыгы /

2010-жылы июнь окуясында кызмат өтүү учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган кичи футбол өткөрүлдү. Иш-чара учурунда Мыктыбек Сулаймановдун кызмат учурунда жасаган эрдиги, кызматтагы өзгөчөлүктөрү, жөнөкөйлүгү жана атына жараша мыкты инсан экендиги айтылды.

Кичи футболго Базар-Коргон районунун аймагындагы 9 айыл аймактардын командалары активдүү катышып, биринчилик үчүн күч сынашышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБдин дипломдору тапшырылды.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17