Аймак

КАЗАКСТАНДА КОРОНАВИРУСТУН “ЭТА-ШТАММЫ” АНЫКТАЛДЫ

КАЗАКСТАНДА КОРОНАВИРУСТУН “ЭТА-ШТАММЫ” АНЫКТАЛДЫ

 1,458 Бардыгы /

Казакстанда коронавирустун “Эта” штаммы (кээде аны Нигерия штаммы деп аташат) аныкталды. Бул тууралуу шейшембиде саламаттык сактоо министри Алексей Цой “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Саламаттык сактоо министрлиги быйыл июль-август айларында КВИ бейтаптарынан алынган оң лабораториялык жыйынтыктарды сквенирлөө ыкмасы менен коронавирустук инфекцияга генетикалык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, Казакстанда 96 үлгүдөн ар түрдүү штаммдар аныкталган. (Delta “Индия штаммы” — 57 (59,4%), Alpha “британ” — 24 (25 %), “Ухань” коронавирусу — 10 (10,4 %) жана Eta “Нигери” — 5 (5,2 %)”, —деп жазды Цой.

Анын маалыматына караганда, “Эта” штаммы Караганды, Павлодар, Маңгыстоо облустарында жана Нур-Султан шаарында аныкталган.

“Эта” штаммынын клиникалык белгилери “Альфа” жана “Бета” штаммдарындай эле жогорку температура, жөтөл, жыт жана даам сезүүнүн жоголушу, өнөкөт оорулардын күчөшү болуп саналат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17