Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

ТАЖИКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ПАРИЖГЕ БАРДЫ

ТАЖИКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ПАРИЖГЕ БАРДЫ

 15 Бардыгы /

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бельгиядагы расмий сапарын аяктап, 12-октябрда Брюсселден Парижге барды.

Расмий сапардын алкагында Рахмон Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугат.

Ооганстандагы азыркы кырдаал Париждеги сүйлөшүүлөрдө башкы тема болору күтүүдө. Франция менен Тажикстан биринчилерден болуп талибдердин бийлигин таанууга каршы чыгышкан.

Эмомали Рахмон Европага барардын алдында Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо комитети Европаламенттин жетекчилигине кайрылып, оппозициянын алты талабын тажик президентине жеткирүүнү өтүнгөн. Укук коргоочулар Европа биримдигинен Рахмонду саясий туткундарды куугунтуктоону токтотууга, аларды түрмөдөн бошотууга, саясий партиялардын эркин иштөөсүнө уруксат берүүгө, ооган качкындарын өлкөгө киргизүүгө чакырууну өтүнүшкөн.

Эмомали Рахмон Париждеги сапарынын алкагында “Тажикстан – алтын дарыялардын мекени” көргөзмөсүнө катышып, ЮНЕСКОдогу Тажикстандын Маданий күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөйт.

Рахмондун Бельгия жана Франциядагы сапары учурунда бозгунда жүргөн тажик оппозициячылары Тажикстан бийлигинин саясатына каршы нааразылык акцияларын уюштурушту.

Эмомали Рахмондун Европа өлкөлөрүндөгү расмий сапары 14-октябрга чейин уланат.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17