Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ТАЖИКСТАНДЫК АКТИВИСТ КАДАМ ИСМАТОВ ОРУС ЖАРАНДЫГЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ

ТАЖИКСТАНДЫК АКТИВИСТ КАДАМ ИСМАТОВ ОРУС ЖАРАНДЫГЫНАН АЖЫРАТЫЛДЫ

 822 Бардыгы /

Социалдык түйүндөрдө тажик бийлигин сындап жүргөн активист Кадам Исматовдун орус жарандыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу ал өзү 14-ноябрда “Озоди” радиосуна билдирди.

Активисттин айтымында, мындай чечимди Орусиянын Саратов шаардык миграция башкармалыгы 22-сентябрда эле кабыл алып, бул тууралуу ага өткөн жуманын аягында гана маалымат беришкен. Эми Исматов Тажикстанга депортацияланышым мүмкүн деп кооптонууда.

“Мага жарандык алууда туура эмес маалыматтарды бергенимди айтышты. Мен 2005-жылдан бери Орусиянын жаранымын, бул өлкөдө үй-бүлөм менен жашайм. Эмнеге маалыматтарым эми гана туура эмес болуп калды? Эмнеге бул маселе менин катышуумсуз каралды?”, — деди Исматов.

Былтыр март айында да Саратов шаардык миграция башкармалыгы 58 жаштагы Исматовду жарандыктан ажыратуу маселесин көтөргөн. Бирок декабрда сот активисттин пайдасын чечим чыгарган.

Мурдараак Европадагы оппозициялык топтор негиздеген “Тажикстандагы саясий туткундарды куткаруу боюнча жарандык комитет” эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылып, Кадам Исматовдун Орусиядан Душанбеге депортацияланышына жол бербөөгө чакырган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Орусияда тажик бийлигин сындаган адамдардын кармалып, мекенине депортацияланышын дайыма сындап келишет.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17