Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ТООЛУУ-БАДАХШАНДЫКТАР ТАЖИКСТАНДЫН МОСКВАДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН АЛДЫНДА НААРАЗЫЛЫККА ЧЫГЫШТЫ

ТООЛУУ-БАДАХШАНДЫКТАР ТАЖИКСТАНДЫН МОСКВАДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН АЛДЫНДА НААРАЗЫЛЫККА ЧЫГЫШТЫ

 42 Бардыгы /

Жерлиги Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунан болгон жүздөй киши 25-ноябрь күнү кечинде Москвадагы Тажикстан элчилигинин алдында топтолду.

Алар Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн операциясынын натыйжасында Рошткала районунун Шохдар айылынын тургуну Гулбидин Зиёбеков өлтүрүлгөнүнө нааразылык билдиришти.

Андан мурдараак Рошткала районунун жана Хорог шаарынын ондогон тургундары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратынын алдына нааразылыкка чыгышкан. Алар 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү кармап, жоопко тартууну талап кылышкан. Нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келген.

Москвада нааразылыкка чыккандардын бири Хорогдогу митингден кийин бийлик аймакта интернет менен мобилдик байланышты өчүрүп салганын айтты.

“Биз Душанбедеги бийликтен аймак менен байланышты калыбына келтирип, Зиёбековдун өлтүргөндөрдү таап, жазалоону талап кылабыз”, – деди.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы 25-ноябрда Шохдар айылында Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиёбековду кармоо боюнча укук коргоо органдары тарабынан операция жүргүзүлгөнүн тастыктады. Ал Кылмыш кодексинин “Барымтага алуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси менен айыпталган.

Нааразылыкка чыккандар тажик бийлигинин билдирүүсүнө ынанган жок. Алар талаптар орундалбаса, Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдындагы акция улана турганын айтышты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17