Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
868 Бардыгы / Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык үч жаран өткөрүлүп берилди. Дагы үч кыргыз жараны жакынкы күндөрү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы билдирди. 26-ноябрда Чек ара кызматынын өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктарды кайтарууга жетишилген. Тараптар Кыргызстандын аймагында кармалган эки тажик жаранын […]
869 Бардыгы / Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык үч жаран өткөрүлүп берилди. Дагы үч кыргыз жараны жакынкы күндөрү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы билдирди. 26-ноябрда Чек ара кызматынын өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктарды кайтарууга жетишилген. Тараптар Кыргызстандын аймагында кармалган эки тажик жаранын […]
ТАЖИКСТАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЧ ЖАРАНЫН ӨТКӨРҮП БЕРДИ
29.11.2021 / Автор anarkan_kg

870 Бардыгы /
Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык үч жаран өткөрүлүп берилди. Дагы үч кыргыз жараны жакынкы күндөрү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы билдирди.
26-ноябрда Чек ара кызматынын өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен жолуккан. Анын жыйынтыгында Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктарды кайтарууга жетишилген.
Тараптар Кыргызстандын аймагында кармалган эки тажик жаранын кайтаруу боюнча да келишимге жетишти. Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушууда мындан тышкары Борбордук – Арка (Худжант – Канибадам) жолунун боюндагы курулуштарды токтотуу маселеси да көтөрүлдү. Тажик тарап өздөрүнүн жарандары тарабынан жол жээгиндеги курулуштарды токтотуу чаралары көрүлөрүн маалымдаган.
Ошондой эле Сүлүктү – Пролетарск темир жолун бузуу боюнча Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчин районунун жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу сөз болгон.
Учурда Тажикстанда чек араны “мыйзамсыз кесип өткөн” деген негизде Кыргызстандын ондой жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган. Жийделик айылында жашаган бир нече кыргыз жараны да кармалган.
Лейлек райондук соту тажик тектүү үч кыргыз жаранын 15 жылга эркинен ажыраткан. Алар жаздагы куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналып камалган. Айып тагылгандардын жакындары жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтышкан.
Эки өлкөнүн укук коргоо органдары чек арадагы окуяларга байланыштуу айыпталган жарандарды экстрадициялоо боюнча Орусияга өтүнүч келтирген учурлар да бар. Ушул айдын башында Орусияда Кыргызстандын суранычынын негизинде кармалган тажик жана орус жараны Диловар Жураев камактан бошотулду.
Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.
Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖАНА ЗАМАНБАП КҮНӨСКАНА КУРУЛУП ЖАТАТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.