Аймак

ОШ ОБЛУСТАР АРАЛЫК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ ПРОФИЛДЕШТИРИЛДИ

ОШ ОБЛУСТАР АРАЛЫК КЛИНИКАЛЫК ООРУКАНАСЫНЫН ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БӨЛҮМҮ ПРОФИЛДЕШТИРИЛДИ

 171 Бардыгы /

          ОШ. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2-инфекция бөлүмү Ош шаарында жана Ош облусунда COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн атайын профилдештирилди.

          Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын №2 инфекция бөлүмүнүн базасында COVID-19 жуктуруп алган кош бойлуу айымдарды, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды дарылоо үчүн эпидемияга каршы катуу режимдеги бөлүм жайгаштырылган. Ушул күнгө карата «кызыл аймакта» 16 бейтап бар: алардын 8и кош бойлуу, 8и көз жаруу алдында. Экөөнүн абалы оор.

          Атайын дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Башка тар адистиктеги дарыгерлердин консультациясы зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. Онлайн консультация берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү. Кош бойлуу аялдарды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу жана ооруканага жаткыруу облустун акушердик жардам көрсөтүү боюнча координатору менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

          Ошондуктан, Саламаттык сактоо министрлиги кош бойлуу жана төрөт алдындагы аялдарды медициналык кызматкерлердин сунуштарын так аткарууну абдан суранат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17