Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- Кулактандыруу
- Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
- НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
- Судебный департамент объявляет конкурс
- КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- СООДА-САТЫК
- Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
199 Бардыгы / Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга айдап барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учактар талибдерге берилбей турганын билдирди. “Ташкент менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учактарды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм”, — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде. Ошол эле маалда […]
200 Бардыгы / Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга айдап барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учактар талибдерге берилбей турганын билдирди. “Ташкент менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учактарды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм”, — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде. Ошол эле маалда […]
ПЕНТАГОН: ТАЖИКСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ООГАН ТИК УЧАКТАРЫ ТАЛИБДЕРГЕ БЕРИЛБЕЙТ
19.01.2022 / Автор anarkan_kg

201 Бардыгы /
Пентагон былтыр августта ооган учкучтары Тажикстан менен Өзбекстанга айдап барып таштаган Ооганстандын мурдагы армиясына таандык тик учактар талибдерге берилбей турганын билдирди.
“Ташкент менен Душанбе бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Бирок алар тик учактарды кийин талибдер колдонсун деп Ооганстанга жөнөтпөйт деп ойлойм”, — деди Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби 18-январдагы брифингде.
Ошол эле маалда ал тик учактар кандай колдонулат же каякка жөнөтүлөт деген маселенин айланасында талкуу уланып жатканын кошумчалады.
Буга чейин “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Душанбе менен Ташкентти бир нече жолу аталган тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүүгө чакырышкан. Өткөн жумада Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Мавлави Мухаммад Якуб ооган авиациясынын машыгуусу маалында Өзбекстан менен Тажикстан “оогандыктардын чыдамын сынабашы керек экенин” билдирген.
“Биздин учактар бизге кайтарылышы керек. Учактарыбыздын чет өлкөдө пайдаланылышына эч качан жол бербейбиз”, – деген ал.
Коргоо министрлигинин башчысы “эгер учактар кайтарылбаса, жаман кесепеттери болорун” кошумчалап, бирок кандай кесепеттер жөнүндө сөз болуп жатканын тактап айткан эмес.
Мындай билдирүүлөргө Тажикстан да, Өзбекстанда расмий жооп берген эмес. Бирок айрым басылмалар бул өлкөлөрдөгү эксперттердин пикирине таянып, талибдердин өкмөтүн бир да өлкө тааный элек болгондуктан, алардын мындай талабы мыйзамсыз жана маанисиз экенин жазышкан.
Январдын башында Reuters агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандын өлкө аймагына кирген айрым аскердик учактар менен тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин кабарлаган. Агенттиктин маалыматына караганда, бул эки өлкө тең АКШга кайрылып, учактардын бир бөлүгүн алып калууга уруксат берүүсүн талап кылышкан.
“Талибандын” өкмөтү мурдагы ооган өкмөтү кулагандан кийин ондогон тик учактар менен учактар коңшу өлкөлөргө жеткирилгенин билдирүүдө. Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги 2021-жылы алардын аймагына ооган учкучтары менен аскерлери учуп келгенин ырастап, бирок алар боюнча толук маалымат беришкен эмес.
Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирилген тик учактардын көбүн Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө АКШ берген. Өзбекстандагы тик учактардын үчөөнү бул өлкөгө качып барган президент Ашраф Гани жеткиргени айтылып келет. Калган учактарды ким жана кандай шартта жеткиргени белгисиз. Былтыр августтун ортосунда Тажикстанга ондогон ооган учкучтары үй-бүлөлөрү менен качып барып, Душанбенин четиндеги санаторийлердин биринде үч айга жакын жашашкан. Ноябрдын башында алар Душанбеден Бириккен Араб Эмираттарына жеткирилген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
08.09.2021 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ИШТЕР БАР
-
-
15.07.2021 / Автор anarkan_kg Асан БОРОМБАЕВ: “КУЛУН-АТА КООЗ АЙМАККА АЙЛАНДЫ”
-
24.05.2022 / Автор anarkan_kg СУЗАК ЖАШТАРЫ ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУГА КАРШЫ
-
-
-
25.05.2021 / Автор aymak ӨЗБЕКСТАНДА ЧЕТ ТИЛДЕРДЕ ОБОГО ЧЫГА ТУРГАН ТЕЛЕ ЖАНА РАДИОКАНАЛДАР АЧЫЛАТ
-
27.05.2021 / Автор orozalieva БАТКЕНДИКТЕР ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМДЫ ДАРЕКТҮҮ БӨЛҮШТҮРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ
-
02.06.2021 / Автор aymak ТЕКЕБАЕВ: СОҢКУ КАМООЛОРДУ ЭЛ АРАЛЫК СОТКО ДАЯРДЫК КАТАРЫ КАРОО КЕРЕК
Маек
Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ ИЧКИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНБАЙ ЖАТЫШАТ”
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың? Катарыңдан…
-
10.02.2022 / Автор anarkan_kg Байсал САТЫБАЛДИЕВ: “АНКЛАВДАР БАШ ООРУТЧУ КЕЗ КЕЛДИ”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.