Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,507 Бардыгы / Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февраль күнү эртең менен өлкө жарандарына кайрылып, аларды Орусиянын агрессиясынан коргонууну улантууга чакырды. Ошол эле маалда президент Украина өзү жалгыз коргонууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, жаңы санкциялар Орусияны токтотпогонун, дүйнө жүзү окуяга алыстан көз салуусун улантып жатканын билдирди. “Кечээки санкциялар Орусияны токтоттубу? Биз асманыбызда, жерибизде аткылоонун үндөрүн угуп жатабыз. […]
1,508 Бардыгы / Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февраль күнү эртең менен өлкө жарандарына кайрылып, аларды Орусиянын агрессиясынан коргонууну улантууга чакырды. Ошол эле маалда президент Украина өзү жалгыз коргонууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, жаңы санкциялар Орусияны токтотпогонун, дүйнө жүзү окуяга алыстан көз салуусун улантып жатканын билдирди. “Кечээки санкциялар Орусияны токтоттубу? Биз асманыбызда, жерибизде аткылоонун үндөрүн угуп жатабыз. […]
ЗЕЛЕНСКИЙ: УКРАИНА ӨЗҮН ЖАЛГЫЗ КОРГООГО МАЖБУР БОЛУУДА
26.02.2022 / Автор anarkan_kg

1,509 Бардыгы /
Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февраль күнү эртең менен өлкө жарандарына кайрылып, аларды Орусиянын агрессиясынан коргонууну улантууга чакырды.
Ошол эле маалда президент Украина өзү жалгыз коргонууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, жаңы санкциялар Орусияны токтотпогонун, дүйнө жүзү окуяга алыстан көз салуусун улантып жатканын билдирди.
“Кечээки санкциялар Орусияны токтоттубу? Биз асманыбызда, жерибизде аткылоонун үндөрүн угуп жатабыз. Демек, бул жетишсиз”, — деди Зеленский.
Ошол эле маалда украин президенти Орусия акыры Украина менен сүйлөшүүгө барат деп эсептейт.
“Согуштук аракеттерди жана бул кол салууну токтотуу жөнүндө сүйлөшүү зарыл. Сүйлөшүүлөр канчалык эрте башталса, Орусиянын өзүнүн жоготуулары ошончо азыраак болот”, — деди Зеленский.
Сөзүнүн аягында президент орус тилинде Орусиянын жарандарына кайрылды. “Бүгүн түнү баатыр шаар Киевдин адамдар жашаган кварталдарын бомбалай башташты. Мунун баары 1941-жылды эске салууда. Биз нааразылык акцияларына чыгып жаткан Орусиянын бардык жарандарын көрүп турабыз. Бул силер бизди угуп, бизге ишене баштаганыңарды билдирет. Биз үчүн жана согушка каршы күрөшкүлө”, — деди президент.
Кийинчерээк Зеленский “Твиттерге” Украина натыйжалуу эл аралык жардамга муктаж болуп жатканын жазды. Анын айтымында, ал Орусияга басым кылуу, санкцияларды салуу жана коргонууга жардам берүү маселелери боюнча “Бухарест тогуздугуна” кайрылды. “Биз биргеликте Орусияны сүйлөшүүгө макул кылышыбыз керек. Биз азыр согушка каршы коалицияга муктажбыз”, — деп жазды президент.
Орусиянын армиясы 24-февралдын таңынан бери Украинанын аймактарын сокку урууда. Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. Киевге жакын жерде орус десанты жүргөнү жана Украинага аннексияланган Крымдан оурс аскерлери киргени кабарланууда.
Украин тарап Орусия кол салган алгачкы күнү 137 украин жараны курман болуп, 316 адам жаракат алганын билдирди. Азырынча орус тарап согуштагы жоготуулары боюнча расмий маалымат бере элек.
WWW
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
08.08.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ: УБАДА УНУТУЛБАЙТ. АТКАРЫЛАТ!
-
14.08.2024 / Автор anarkan_kg РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА ЗАМАНБАП МАЛ БАЗАР ИШКЕ КИРИШТИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.