Аймак

НООКАТТА ӨЗБЕКСТАНДАН АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП БАРАТКАН ЖҮКТӨР КАРМАЛДЫ

НООКАТТА ӨЗБЕКСТАНДАН АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП БАРАТКАН ЖҮКТӨР КАРМАЛДЫ

 1,314 Бардыгы /

          ОШ. Ош обулусуна караштуу Ноокат шаарында Мамлекеттик Бажы кызматынын өкүлдөрү Кыргыз жараны К. у. Э. башкарып бараткан шектүү Mercedes-Benz автоунаасын дароо токтотуп,  анан абдан дыкаат  текшеришти.

          Ошентип, Мамлекеттик Бажы кызматынын өкүлдөрү автоунааны кыдырата тинтишкенде, анын ичинен EvroPaint үлгүсүндөгү сапаттуу лактар табылды. Бул жүктүн жалпы салмагы 10 тонна 500 килону түзүп, ал эми наркы  660 000 сом экендиги тастыкталды.Бул заманбап лактар бажы бекетин кыя өтүп, Өзбекстандан Кыргызстанга, андан ары ЕврАзия эркин экономикалык Аймагына жеткирилмек экен.

Ошондуктан, бул факты атайын реестрге дагы катталып, жыйналган бардык материалдары менен кошо Ош облустук прокуратурасына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17