Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,353 Бардыгы / Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарын” ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты. “Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул […]
2,354 Бардыгы / Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарын” ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты. “Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул […]
ӨЗБЕКСТАН СЕНАТЫНЫН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫ: КОНСТИТУЦИЯ ӨЗГӨРСӨ МИРЗИЁЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТТӨРҮ “ЖОККО ЧЫГАТ”
18.06.2022 / Автор anarkan_kg

2,355 Бардыгы /
Өзбекстан Сенатынын төрага орун басары Садык Сафаев өлкө Конституциясы өзгөртүлсө, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү “жокко чыгарын” ырастады. Бул тууралуу ал Kun.uz сайтына берген маегинде айтты.
“Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, албетте, ал бардык жарандарга, анын ичинде азыркы президентке жаңы Баш мыйзам менен шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Президент бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланар-пайдаланбасы анын өзүнөн жана талапкерлигин көрсөтө турган партиядан көз каранды. Бирок анын мындай укугу болот”, – деди Сафаев.
Ошол эле маалда ал Мирзиёевдин ыктымал үчүнчү мөөнөткө баруусун актаганга аракет кылды.
“Эгер менин жеке пикиримди сурасаңар, эл аралык абалга анализ кылып жүргөн адам катары биз азыр өтө кооптуу дүйнөдө жашап жатабыз деп айтат элем. Күн сайын кырдаал оорлоп барат. Бул биздин өлкөгө да терс кесепеттерин тийгизбей койбойт. Бирок биз ага карабастан реформаларды улантышыбыз керек. Мен бул реформаларды баштаган кишиде аларды аягына чыгарууга мүмкүнчүлүгү болушу керек деп эсептейм”, – деди ал.
Садык Сафаев конституциялык өзгөрүүлөр тууралуу пикирин айткан жогорку кызматтагы алгачкы өзбек чиновниги болду.
Чет өлкөлөрдөгү жана Өзбекстандагы талдоочулар көптөн бери эле Мирзиёев демилгелеген өзгөртүүлөрдүн негизги максаты Каримовдун тушундагыдай президенттин мөөнөтүн узартуу экенин болжолдоп жүрүшкөн. Бирок Сафаевдин бул билдирүүсүнө чейин аткаминерлер Конституцияны өзгөртүү демилгесин адам укуктарын сактоо жана реформаларды тездетүү зарылдыгы менен түшүндүрүп келишкен.
Былтыр октябрда экинчи жана акыркы мөөнөткө шайланган президент Шавкат Мирзиёев азырынча 2026-жылга карата пландарын айта элек. Ал буга чейин казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаевдей эки мөөнөттөн кийин президенттикке талапкерлигимди койбойм деп убада берген эмес.
Сафаевдин бул билдирүүсү Европадагы коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) миссиясы Өзбекстандагы президенттик шайлоо тууралуу акыркы баяндамасын жарыялагандан кийин жасалды.
Комиссия өз баяндамасында шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун, бийлик оппозициялык партиялардын каттоого туруусуна уруксат бербегенин сынга алган.
1991-жылы Өзбекстандын биринчи президенти болуп шайланган Ислам Каримов 2016-жылы каза болгонго чейин Конституцияны өзгөртүү жолу менен үч ирет, референдум өткөрүү аркылуу бир жолу президенттик мөөнөтүн узарткан. Өзбекстандын Конституциясы өлкөнүн 30 жылдык эгемен тарыхында 16 жолу өзгөртүлгөн.
64 жаштагы Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президент болуп шайланганга чейин өлкө өкмөтүн 13 жыл башкарган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.