Аймак

КАДАМЖАЙДА ЖЕР МЫЙЗАМДАРЫ ОДОНО ТҮРДӨ БУЗУЛГАН

КАДАМЖАЙДА ЖЕР МЫЙЗАМДАРЫ ОДОНО ТҮРДӨ БУЗУЛГАН

 1,323 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда жер мыйзамдары одоно түрдө бузулган. Мындай фактылар атайын жана тыкыр текшерүүнүн жүрүшүндө чекесинен аныкталгандыгын УКМКдан билдиришти.

Расмий маалыматка караганда, Кадамжай районунда 16 ишмердик жүргүзүүчү ири субьектилер Жер мыйзамдарын одоно бузушуу менен Кадамжайдагы “АнКурсай” сел жүрүп кетүүчү кооптуу жерге аларга таандык соода обьектилерин өзүм билемдик менен курушкан фактылар акыры аныкталды. Мунун негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши дагы козголду.

Ал эми ушул тапта аталган фактыларга тиешелүү башка кишилерди дагы аныктоо жана ыкчам тергөө иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17