Аймак

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ИЗИЛДӨӨ ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУНУ УЛАНТАТ

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН ТҮРК ДҮЙНӨСҮН ИЗИЛДӨӨ ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУНУ УЛАНТАТ

 913 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет жана Түркия Республикасынын Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду кызматташуусун ийгиликтүү улантышууда.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, жакында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Түркия Республикасынын Түрк дүйнөсүн изилдөө фондунун президенти, профессор Көзхан Язган иш сапары менен келип кетти. Бул иш сапарынын натыйжасында ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Сатыбалды Өмүрзаков жана Түрк дүйнөсүн изилдөө фондунун президенти, профессор Көзхан Язган жогорку жана орто кесиптик билим берүү, илим багыттарындагы кызматташууну улантуу, бекемдөө боюнча жаңыланган келишимге кол коюшту. Бул расмий иш-чарага окуу жайдын бир катар жетекчилери, окуу жайга караштуу э.и.д., профессор Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жетекчилиги, ошондой эле Азербайжандагы Баку мамлекеттик экономика университетинин менеджмент факультетинин деканы, э.и.д., профессор Мехмет Йүже катышышты.

Белгилей кетсек, ЭАУ жана Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду 1993-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келет. ЭАУнун Туран Язган атындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун бүтүрүүчүлөрүнө эки диплом берилет, Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын үлгүлөрүндөгү дипломдор.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17