Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ЭАУда СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда  СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 402 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 28-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында “Кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигиндеги тоолордун мааниси” аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.
ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 жарлыгына ылайык 2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган, ал эми БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы 76-сессиясында кабыл алынган резолюциясына ылайык 2022-жыл – Тоолордун туруктуу өнүгүүсүнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. Аталган конференция ушул жарлык менен резолюцияга ылайык иш-чаралар алкагында ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасытарабынан уюштурулган. Конференцияда аталышына ылайык төмөнкү маселелер каралды, алар: “Кыргызстандын экономикасынын жана туризминин өнүгүүсүндөгү тоолордун ролу”, “Тоолордун Кыргызстандын экосистемасындагы ролу жана орду”, “Тоолор жана кыргыздардын көчмөн маданияты”, “Климаттык жараяндардын Кыргызстандын тоолор тутумуна болгон таасири” ж.б. Жалпысынан бул конференцияда бир катар олуттуу экономикалык, экологиялык жана этнографиялык маселелер каралды. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналда жарыяланат. Конференциянын соңунда чакан концерттик программа тартууланды. Конференцияга катышкан студенттердин жана магистранттардын пикири боюнча бул илимий иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, илимий мазмунда абдан кызыктуу болду.
Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17