Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ СПОРТ МЕНЕН МАШЫККАН БАЛДАРДЫ КҮЧҮН КҮРӨШ КИЛЕМДЕРИНДЕ СЫНООГО ЧАКЫРДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД МИЛИЦИЯСЫ СПОРТ МЕНЕН МАШЫККАН БАЛДАРДЫ КҮЧҮН КҮРӨШ КИЛЕМДЕРИНДЕ СЫНООГО ЧАКЫРДЫ

 750 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык милициясы окуучулар онлайн окуудан мектептерге кайтып келгенден тартып профилактикалык жумуштарын баштады. Жаш өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу урушуп, кийин топтошуп мушташууларга барбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыштуулуктун, топтошуп мушташуулардын арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилип, убактыларын билим алууга сарптоо керектиги айтылды.

Милиция кызматкерлери спорт менен машыкан өспүрүмдөрдү күчүн көчөдө эмес, спорт залдарында, күрөш килемдеринде, рингдерде машыктыруучунун көзөмөлүндөкөрсөтүү керектигин эскертишти. Мектеп окуучуларын спортту туура жолдо пайдаланууга, өлкөбүздүн желегин дүйнөлүк аренада көтөрүүгө, кыргыз спортуна салым кошууга чакырышты. 

Белгилей кетсек Жалал-Абад шаарынын аймагында 20 мамлекеттик мектеп, 10 жеке мектеп, 5 колледждер бар. Ал эми өспүрүмдөрдүн саны студенттер менен бирге 45 миңден ашуун.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17