Аймак

ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ МАЙЛУУ-СУУ ШИИБДЕ БЕЛГИЛЕНДИ

ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ МАЙЛУУ-СУУ ШИИБДЕ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,350 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин эл аралык күнүнө утурлай Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүндө атайын иш-чара өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы  билдиргендей, иш-чарага

Майлуу-Суушаардык мэриясынын тил жана дин иштери боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Д.Джабарова, Борбордук Азия колледжинин студенттери жана өздүк курам катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эне тил боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, бир катар баяндамалар жасалды. ШИИБдин кызматкерлери жана студенттер көркөм окуп, Манас айтып, комуз күүлөрүн чертишип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Айта кетсек, эл аралык эне тилдин бир айлыгы февраль айынын башынан тартып милиция бөлүмдөрүндө белгиленип келүүдө.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17