Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,637 Бардыгы / Бакыт КОЗУЕВ 1971-жылы 20-сентбярда Жалал-Абад облусунун Ноокен райоунан караштуу Масы кыштагында төрөлгөн. БГУнун тилдер жана гуманитардык факльтетинин орус тили, адабияты мугалими, Кыргыз Республикасынын Президенттик Башкаруу Академиясынын мамлекеттик башкаруу адистигин аяктаган. Жакында эле Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып олтурат. –Бакыт мырза, өмүр баяныңызга үңүлсөк, эки ирет жогорку билим алыпсыз. Эмне, […]
3,638 Бардыгы / Бакыт КОЗУЕВ 1971-жылы 20-сентбярда Жалал-Абад облусунун Ноокен райоунан караштуу Масы кыштагында төрөлгөн. БГУнун тилдер жана гуманитардык факльтетинин орус тили, адабияты мугалими, Кыргыз Республикасынын Президенттик Башкаруу Академиясынын мамлекеттик башкаруу адистигин аяктаган. Жакында эле Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып олтурат. –Бакыт мырза, өмүр баяныңызга үңүлсөк, эки ирет жогорку билим алыпсыз. Эмне, […]
Бакыт КОЗУЕВ: “МЕКТЕПТЕР МАГА ЖАТ ЭМЕС!”
31.03.2023 / Автор anarkan_kg

3,639 Бардыгы /
Бакыт КОЗУЕВ 1971-жылы 20-сентбярда Жалал-Абад облусунун Ноокен райоунан караштуу Масы кыштагында төрөлгөн. БГУнун тилдер жана гуманитардык факльтетинин орус тили, адабияты мугалими, Кыргыз Республикасынын Президенттик Башкаруу Академиясынын мамлекеттик башкаруу адистигин аяктаган. Жакында эле Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып олтурат.
–Бакыт мырза, өмүр баяныңызга үңүлсөк, эки ирет жогорку билим алыпсыз. Эмне, душман көзүнө мактанганыңызбы? Же эки кесибиңиз боюнча тең иштедиңизби?
-Жашырып не. Мен эки билимимдин тең пайдасын гана көрүп келатамын. Эмгек жолумду Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мугалимдиктен баштагамын. 7-8 жылдан кийин Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалдым. Анда дагы камчы салдырбастан иштедим. Ошондуктан, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, ал эми киийнчерээк Чүй облусунун Панфилов районунун акимдигине дагы дайындалдым. Бул эки жерде тең таза, анан дагы президентти уят кылбай абийирдүү эмгектендим. Анткени менен кийинчерээк жумушумдан бошотуп коюшту. Ишсиз калдым. Ара чолодо АРИС программасында кеңешчи-серепчи сыңары эмгектендим.
Акыры чыгынып атайын сынакка катыштым эле. Мамлекеттик кызматкерлердин кадрлар резервине кошуп коюшту. Мобул Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына ушинтип келип калдым.
–Азыркы министриңиз Каныбек Иманалиев өзү кесиби боюнча журналист. Агартуу тармагында дегеле эмгектенген эмес! Камчы салдырбастан иштеп кете алаар бекен?
-Президентибиз Садыр Жапаров абдан туура кадам жасады. Иманалиевдин агартуу тармагында мурун иштебегени кеп эмес!
Эң башкысы: Каныбек Капашович – реформатор, анан дагы чечкиндүү. Анын мындай сапаттарын Жогорку Кеңешке депутат маалында далай ирет көрбөдүкпү.
–Айтмакчы, ОшМУнун экс-ректору, мурунку билим берүү жана илим министри Каныбеке Исаков – дал ушул Ноокат жергесинин кулуну. Ыраматылык дагы биз билгенден дээринен реформатор эле. Ошондуктан, маркумдун ысымын неге районуңуздардагы мектептердин бирине ыроолобой келатасыздар?
-Мен Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кезимде Каныбек Исаков ОшМУнун ректору эле. Ошондой кудай жалгап экөөбүз тең Орусиянын башкалаасы Москва шаарында мугалимдердин сьездине катышып калдык. А түгүл Каныбек Исаков мырза менин оозумду ачырып ошогезде орусча доклад жасабадабы. Канеткен күндө дагы, Каныбек Исаковдун Кыргызстандын агартуу тармагындагы олуттуу салымын эске алып, ысымын түбөлүктүү калтыруу максатында Ноокат жергесиндеги мектептердин бирине ыйгаруу дагы аздык кылат.
–Бакыт мырза, Ноокат районунда канча кыргыз жана өзбек тилдүү мектеп бар? Булардын баарында тең мамлекеттик тил милдетүү түрдө окутулабы? Анан дагы ЖОЖдорду жаңыдан бүтүргөндөр элеттеги мектептерге деги барып жатышабы?
-Ноокат районунда жалпы жонунан 121 мектап бар. Бирөө орус тилдүү. Кыргыз тилдүүсү – 79, кыргыз-өзбек тилдүүсү (аралаш) – 2.
Районубуздагы мектептерди азырынча кадрлардын жетишсиздиги, мындайча айтканда, таңкыстыгы, дээрлик жок! Жыл сайын жаш кадрлар – жаңы күчтөр менен толукталып турат. Анын үстүнө биз педагогдорду белендешкен Кыргызстандагы бардык ЖОЖдор менен туруктуу байланашыбызды акыркы кезде абдан активдештирдик. Кудай жалгап бактыбызга жараша мугалимдердин маянасы дагы ойдогудай жогорулабадыбы.
Кепке тартканр: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУ
-
22.01.2025 / Автор anarkan_kg “СИТИ-ПАРК” ТУРАК ЖАЙЫНЫН КУРУЛУШУ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.