Аймак

ОБЛУСТУК БАРПЫ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫНЫН 30 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

ОБЛУСТУК БАРПЫ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ДРАМА ТЕАТРЫНЫН 30 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,275 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 10-ноябрда  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын облустук театр макамын алгандыгынын 30 жылдык мааракеси өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана жаштар катышты. Иш-чарада алгач Алтынай Темированын калемине таандык, режиссёр Талант Апиевдин Барпы Алыкуловдун өмүрү жана чыгармачылыгына таандык “Генийдин үрү” аталышындагы чыгармасы коюлду.  Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Барпы театрынын чыгармачыл жамааты облустук маданият тармагынын өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экенин белгилеп, 30 жылдык майрамы менен куттуктады.

“Улутту улут катары тааныткан анын тили менен маданияты экендиги тээ байыртадан эле белгилүү. Мына ушул кутту жайга көркөм сөз чебери, маданияттын дыйканы Барпы атабыздын ысымы ыйгарылганы да бекеринен эмес. Бул жылдар аралыгында театрдан көрүнүктүү маданият ишмерлери, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти”, “Эл артисти” жогорку наамдарын алган өнөр адамдары мамлекеттик сыйлыктарга татыды.

Мындан ары да мекеменин эмгек жамааты республикалык жана эл аралык театр фестивалдарында мыкты чыгармаларды коюп, облусубузду жана республикабызды искусство жаатындагы атагын жайылтып жүрө беришине тилектешмин!,–деди Абсаттар Сыргабаев.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында жүздөн ашуун адам эмгектенет. Анын 60ка жакыны чыгармачыл топ.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17