Аймак

ЭАУда “ОЙ ЧАБЫТЫ ЖАНА ЧЕБЕРЧИЛИК” ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

ЭАУда “ОЙ ЧАБЫТЫ ЖАНА ЧЕБЕРЧИЛИК” ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 26-мартта К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде (ЭАУ, Манас ш.) студенттер тарабынан уюштурулган “Ой чабыты жана чеберчилик” иш-чарасы болуп өттү.

Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматыилдиргендей, “Ой чабыты жана чеберчилик” иш-чарасы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжинин математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасы (башчысы Айгерим Эшкожоева), ошондой эле “Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумдары жана башкаруу”, “Тигилүүчү буюмдардын конструкцияланышы, моделдениши жана технологисы” адистиктери боюнча студенттер тарабынан уюштурулуп өттү. Аталган иш-чаранын алкагында: 1) техникалык жабдуулардын көргөзмөсү: робототехника, дрондор; 2) саркеч кийимдер көргөзмөсү – кийимдердин тигилишиндеги жана жасалгаланышындагы тенденциялардын көрсөтүлүшү болду.

Аталган иш-чарага профессор-окутуучулар курамынан жана студенттерден сырткары, бир катар уюм-мекемелер да катышышты, арасында Сабина Идрисованын тигүү цехи жана Нурлан Байтиковдун көркөм сүрөт мектеби. Саркеч кийимдеринин көргөзмөсүндө “Курманжан”, “Жазгы маанай”, “Жоогазын ажары”, “Ак куу”, “Оймо-чиймелердин сыры”, “Жакаранда” чөл гүлү” сыяктуу топтомдор, ошондой эле Сабина Идрисованын тигүү цехинин “Этно классик”, Гүлназ Курбанбекованын “Күн нурунан жаралган балдар” балдар кийиминин топтому көрсөтүлдү. Саркеч кийимдер көргөзмөсү эстрадалык ырлар жана бийлер менен коштолду. Иш-чаралардын жүрүшүндө жасалма интеллекттин элементтери колдонулду.

ЭАУнун ректору, э.и.д., проф. Айжамал Кантороева белгилегендей, мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик калыптанышына жигердүү салым кошот. Техникалык жабдуулардын жана саркеч кийимдердин көргөзмөлөрүн, ошондой эле маданий программаны камтыган “Ой чабыты жана чеберчилик” программасы ЭАУда окутуунун жана тарбия берүүнүн удаалыгын, бир ыңгайда жалгашуусун даана тастыктайт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17