Аймак

Алайкууда ачылган алгачкы музей

 3,530 Бардыгы /

Алайкууда ачылган алгачкы музей

Материалдык байлык баарынан алдыңкы орунга чыккан азыркы чалкеш заманда китепкана, музей сыяктуу маданий мекемелерди ачууга далаалат кылган адамдар айрымдар үчүн күлкү келе турган иш болуп сезилиши мүмкүн. Ал тургай сенин бул аракетиң тууралуу ар кандай күбүр-шыбыр сөз кылбайт деп эч ким кепил боло албайт.
Бирок, кудайга шүгүр, уучубуз арабызда байлык менен бийлик убактылуу нерсе экендигин түшүнгөн, эли үчүн артынан жакшы ишин калтыргысы келген, баштаган ишин аягына чыкмайынча жаны тынбай, анын жыйынтыгы чыкканда ошондон канагаттануу алган адамдардан кур эмес тура!
Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Көө-Чаты айылындагы “Айдын-Көл” орто мектебинин тарых мугалими Советбек Ботоноев мына ошондой адамдардын бири.
Анын көөнө тарыхта өз орду бар, элдик оозеки чыгармаларды ысмы аталып жүргөн Алайкуунун тарыхын, анда жашап, турмуш кечирген анын жашоочулары, белгилүү адамдары, турмуш тууралуу музей ачуу жөнүндө купуя ою бар эле. Өз максатын турмушка ашыруу үчүн бир топ жыл даярдык көрүп, керектүү тарыхый документтерди жана сүрөттөрдү, археологиялык, этнографиялык мурастарды, элдик кол өнөрчүлүк буюмдардын үлгүлөрүн топтоп жүргөн болчу.
“Ар нерсенин өз учуру, буйруган күнү болот” дегендей Алайкуудагы алгачкы музей жакында, тагыраак айтканда үстүбүздөгү жылдын 24-январында “Айдың-Көл” орто мектебинде ачылды. Анын ачылышына айыл аймактын башчысы Б. Айсаев, айылдык Кеңештин депутаты Б.Зарипбеков, айыл башчы А.Койчуманов баш болгон ата-энелер, алыстан келген коноктор мектеп жамааты жана окуучулар катышты.
КРнын билим беруусунун мыктысы, маданияттын мыкты кызматкери Көө-Чаты айылындагы “Айдын-Көл” орто мектебинин тарых мугалими Советбек Ботоноев өзү ачкан музей тууралуу мындай баяндама берет.
– Эки бөлүмдөн турган музейдин биринчи бөлүмүнүндө XX кылымдын 30-жылдарына таандык сейрек кездешүүчү соку, жаргылчак, айры, орок, мылтык, ыңырчак сыяктуу эмгек куралдары, куу челек, чанач, кесе, аяк, чоогун, таар шым, чокой өңдүү күндөлүк керектелүүчү буюмдар коюлган.
Музейге келген адам анын экинчи бөлүмүнөн адегенде “Алайкуу” деген сөздүн этимологиясын “бийик тоолуу кургак жер, жайыт” деп чечмелеп түшүндүрүшкөн Махмуд Кашкари, Марко Поло, А.Хасанов, Э.Мурзаев, К.Конкобаев сыяктуу окумуштуулардын илимий маалыматтары менен тааныша алат. Андан ары Адигиненин тукумдары XIV кылымдын I чейрегинде азыркы Кара-Суу, Ноокат, Алайкуу аймактарында жашагандыгы тууралуу маалымат ала алат. Ошондой эле Алайкуу өрөөнүндөгү Көк-Арттан Көңдүккө чейинки 10 айылда жашаган Бөрү, Жору, Баргы урууларынын санжырасы түзүлгөн таблицаны көрө алышат.
Кийинки маалымат такталары Алайкуу өрөөнүндө түзүлгөн чакан колхоздор, алардын алгачкы башкармалары З.Сыдыковдон тартып, ирилешкен колхоз башкармасы А. Ботоноевге чейинки жетекчилер тууралуу кызыктуу маалыматтарды баяндайт. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кан майданга аттанган алайкуулуктар, социализм мезгилинде түзүлгөн ири чарбалардын жетекчилери Д./сөнов, А.Жаныбаев С. Нурмаматовдор жөнүндөгү маалыматтар да көргөн адамдын көңүлүн өзүнө буруп турат.
Музейдеги кийинки маалыматтар Алайкуу өрөөнүндө алгачкы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин курган Молдо Ботоной, Болто Эсаналиев, Жусуп Мамыр, Бектемиров Шамшы аттуу инсандар, К.Мамасалиев, О.Сапаралиев, А.Айсаев, бир тууган Түлекеев, Ботоноевдер сыяктуу алгачкы Дүйшөн агайлар, алгачкы медиктер: Райымбаев Кеңейбай, Маметжанова Зуура, Жакыпова Бурулкан тууралуу кабар берет.
Севет мезгилинде алайкуулук Эрмекбаев Абдылданын жана Исмаилов Матомор сыяктуу белгилүү өндүрүш алдыңкылары тууралуу кызыктуу документтери көрүүчүлөрдүн кызыгууларын пайда кылуулары талашсыз. Алсак, музейден А.Эрмекбаевдин 1969-ж. 25-27-ноябрда Москвада болуп өткөн колхозчулардын Бүткүл союздук III сьездине делегат болгондугун далилдеген документтерди, КПСС БК Генсекретары Л.И.Брежнев менен бирге түшкөн тарыхый сүрөттөрүн көрүүгө болот. Ал эми Исмаилов Матомордун Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайлангандыгын, анын депутаттык күбөлүгү ырастап турат.
1991-жылдын февраль-март айларында Алайкуу аймагында ири чарбалар жоюлуп, ал майда кооперативдерге андан ары майда жеке чарбаларга бөлүнүп, 1992- 1995-жылдардын аралыгында мурдагы колхоз,совхоздордун аймагында айылдык комитеттер, 1996-жылдан тартып айыл өкмөттөрдү түзүлгөн. Музейде айылдык комитеттер, айыл өкмөттөрдү жетектеген С.Ашымбеков, Ш.Чотонов, Б.Мажитов, Т.Аракеев, М.Исраилов жөнүндө хронологиялык фактылар бул инсандардын эгемендик алгандан кийинки өткөөл учурда климаты катаал Алайкуу өрөөнүн өнүктүрүүдөгү кошкон салымдарын баяндайт.
Ошентип Алайкуу аймагында алгач ачылган айылдык музейдин экспонаттары окуучулардын эле эмес, улуу жана орто муундун өкүлдөрүнүн да инсан таануу боюнча билимдерин байытаарына шек жок.
Музейдеги материалдар жаш мундардын өмүрү өрнөк ата-бабалары жана ага эжелери үчүн сыймыктануу сезимдерин ойготуп, алардын өмүр жолун үлгү тутуп тарбиялануусуна омоктуу салым кошо тургандыгы белгилүү болуп калды.

Материалды даярдаган:

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.

Алайкууда ачылган алгачкы музей
Алайкууда ачылган алгачкы музей

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17