Аймак

ӨНӨРКАНАСЫНДА ӨМҮР КЕЧИРГЕН СҮРӨТЧҮ

ӨНӨРКАНАСЫНДА ӨМҮР КЕЧИРГЕН СҮРӨТЧҮ

 1,803 Бардыгы /

Он жил в стандартное время  не стандартным образом.

Тахави АКТАНОВ, жазуучу

          Искусствого (көркөм өнөргө) карата табит жана мамиле, жашырып не, башкалаабыз Бишкеке караганда Ош шаарында анча деле өнүгө элек. Ошондуктан, “Колдо бар алтындын – баркы жок!” дегендей, сейрек сүрөтчүлөрдү аздектөө, а түгүл булардын көөнөрбөс эмгектерин татыктуу баалоо соңку кезде көңүлдүн сыртында гана калып келатат. Мындай маанайды мен Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин Оштогу сүрөт өнөррканасына атайын баш багып, бул ажайып жайды бир сыйра кыдырганымдан кийин гана дапдаана байкадым.

        СУЛАЙМАН ТООНУН ТҮБҮНДӨ ТӨРӨЛГӨН ТАЛАНТ

          Тургунбай ТАШКУЗИЕВ 1943-жылы, тактап айтканда, Улуу Ата Мекендик согуш абдан кычаган мезгилинде Ош шаарына караштуу айтылуу Сулайман Тоонун түбүндөгү жыгач устанын үйүндө төрөлгөн. Атасынан эс тарта электе ажырап, кийинчерээк Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы таэжелеринин колунда чоңойгондуктан, өз апасын деле элес-булас билет.

Андан ары туугандары кичинекей Тургунбайды Үч-Коргондогу балдар үйүнө тапшырышат. Ошол жерде шыктуу өспүрүмдүн сүрөткө деген ышкысы ого бетер ойгонуп, күнү-түнү колуна калем кармап, бөтөнчө маанайдагы  сүрөттөрдү тартууга бекем ыктайт.

ОКУУГА ЭКЗАМЕНСИЗ ӨТКӨРҮЛГӨН

          Тургунбай ТАШКУЗИЕВ 1960-жылы агездеги Советтик Армиянын катарына чакырылып, аскерде үч жыл бою абийирдүү кызмат өтөгөн. Жаш жана жалындуу жигит ал жакта дагы жөн жүрбөстөн, дубал гезит чыгарууга аябай активдүү аралашып, ар кандай өңүттөгү аскерлерди сүрөткө элестүү тартып, куралдаштарынын оозун куп ачырчу. Анан калса командирлери дагы жоокеринин бул талантын өзгөчө баалашып, аны маданий жана массалык жумуштарга абдан көп чегеришчү.

          Ошентип, армиядан кийин жыйырма жашында Тургунбай ТАШКУЗИЕВ Өзбекстандын Ташкен шаарындагы П. Бенков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, бирок, билим уясына экзаменсиз – сынаксыз эле өткөрүлгөн. Бул окуу жайын ийгиликтүү аяктаары менен түз эле Ош шаарына кайтып, живопись жана графикага өзгөчө басым жасап, далай көргөзмөлөргө батыл катышып, абдан тез оозго алынып, кыска аралыкта элге-журтка таанылат.

КОНТРАГЫН ТӨЛӨБӨГӨНДҮКТӨН, ОШТУНУ БҮТПӨЙ КАЛГАН

          Ара чолодо өз билгенин жана буга дейре топтогон тажрыйбасын балдарга чын жүрөктөн үйрөтүү максатында мектепте дагы эки-үч жылдай эмгектенет. Бирок, аттиң, түйшүгү түмөн экен. Өспүрүмдөрдү окутуудан мурда отчет, конспект-кагаз иштери ыраса жүдөтөт. Анан дагы какаганга – муштагансып, маянасы деле абат эмес! Аргасыздан агартуу системасы менен ошентип биротоло кош айтышат.

          Айтмакчы, чыгармачылык изденүүдөн эзели тайбаган жана тажабаган Тургунбай ТАШКУЗИЕВ мындан алты жыл абалы билимин заман шарданына жараша өркүндөтүүнү бекем ойлоп, Ош технологиялык университетине тапшырат. Келишимдик акынын ордуна ОшТУга сүрөттөрдү тартып кутулчу. Акыркы курста “Сүрөттөрүңдү сатып алганга адам жок!” дешип, мунун артынан контракттын акчасын төлөөнү катуу талап этишкендиктен, окуусун дагы кашайып бүтпөй калбадыбы…

          Албетте, бул трагедия деле эмес деңизчи. Бирок, абройлуу көргөзмөлөрдө “Жогорку билимдүү” деген критерий сөзсүз керек экен…

          АЗЫРКЫ МУУН ФИЛОСОФИЯНЫ АНЧАЛЫК ТҮШҮНБӨЙТ!

          Белгилүү кыл калемгер Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин баамында, искусствого (көркөм өнөргө) карата мамиле жана дагы табит Бишкек калаасына салыштырганда Ош шаарында анчейин өнүгө элек. Маселен, сүрөт жаратууда көркөмдүккө жана чыгармачылык дараметке өзгөчө басым жасалат. Ошондуктан, өтө көркөм жана кооздолгон сүрөттөрдүн дайыма кардарлары көбүрөөк.

          Тилекке каршы, философиялык мааниси абдан терең, ошондой эле композициясы кенен сүрөттөрдү түшүнгөндөр, чындыгында, азыр чанда. Андыктан, булар кем сатылат. Мисалы, укмуш пейзажды, же эң мыкты портретти Бишкек шаарында 5-10 миң сомго дейре беймарал соодалайсың. Ал эми Ошто андай баага муну эч алышпайт. Эсте бекем  калганы: Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин эң кымбат чыгармасына Өзбекстандык орус жигит 200 доллар төлөгөн. Мына сага, сүрөттү түшүнгөндүк жана эмгекти баалагандык!

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ РОЗА ОТУНБАЕВА АРДАК НААМ ЫРООЛОГОН

          2011-жылы Бишкек шаарында республикалык Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде он-он беш күндүк сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Бул маанилүү иш-чаранын ачылышына өлкөбүздөн агездеги президенти Роа Отунбаева өзү катышып, оштук сүрөтчү Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин сүрөттөрүн шедевр деп таасын баалап, ага “Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамын дароо эле өз Указы менен ыйгарган жайы бар.

          Ошентип, жогоруда аталган сүрөт музейинде оштук кыл калем чебери Тургунбай ТАШКУЗИЕВдин бир нече сүрөттөрү дагыле сакталуу. Ал эми автордун  башка чыгармалары ушул тапта өлкөбүздүн бир катар министрлеринин кеңселеринде илинүү турат. Өтө шедеврлерин АКШдан, Франциядан жана Жапониядан келишкен туристтер өлө суктанышып, анан дагы талашып жүрүп сатып алышпадыбы.

СӨЗГӨ САРАҢ СҮРӨТЧҮ

          Айтмакчы, Тургунбай ТАШКУЗИЕВ дээринен эле сөзгө өтө сараң. Ошол себептенби, аны биринчи көргөндөр “Мунун деги акылы жайындабы?” деп ойлошу дагы толук ыктымал.

  • Мен деле эл сыңары турмушумду түптөп, үй-бүлө күттүм. Анан

ошентип, баала-чакалуу дагы болдук. Бирок, өз ара түшүнбөстүктүн кесепетинен, үйөбүлөбүздүн очогун андан ары бирге тутандырганга жарабадык! – деп оор үшкүрүнүп, буга улай кайгыргандыгын дагы жашырган жок Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбай ТАШКУЗИЕВ. – Эч талашып-тартышпастан эле мурунку турак жайымды жубайыма жана балдарыма биротоло энчилегенмин. Ал эми өзүм моминтип эле шарты кудай ургандай начар өнөрканамда дагыле күжүлдөп иштеп жана дагы өлбөстүн күнү көрүп жансактап келатамын.

          Баса, дагыле жакшылыктан күдөрүн үзбөгөн Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тургунбай ТАШКУЗИЕВ үстүнө үй сурап Президент Садыр Жапаровго даттанган дайы бар. Тилекке каршы, мамлекет башчысы кайрылууну Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго табыштаптыр. Мэрия өкүлү сүрөтчүнүн өнөрканасына капысынан баш багып, анан жашоо-шартын өз көзү менен көрүп деле кыл калем ээсине боор ооруунун – жан тартуунун ордуна “Мындан ары биздин башыбызды жөнсүз оорутпаңыз?!?” деп кетиптир. Аттиң…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17