Аймак

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ “ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАРАЙ ЖОЛ” СЫЙЛЫГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ДЕП АТАЛДЫ

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ  “ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАРАЙ ЖОЛ” СЫЙЛЫГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ДЕП АТАЛДЫ

 708 Бардыгы /

Жалал-Абад. Жалал-Абад шаарындагы ЭАУ “Өнүктүрүүгө карай жол” сыйлыгынын “Институционалдык аккредитациянын жыйынтыктары боюнча мыкты жогорку окуу жай” номинациясында жеңүүчүсү деп таанылды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү чөйрөсүндө сапат кепилдиги боюнча “EdNet” агенттиги II “Өнүктүрүүгө карай жол” сыйлыгынын “Институционалдык аккредитациянын жыйынтыктары боюнча эң мыкты университет” номинациясында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетти (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жеңүүчү деп аныкташты.

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет бул аталышта жеңүүчү деп “EdNet” агенттигинин көз карандысыз аккредитациясынан кийин аныкталды. “Аталган сынакта жеңишке жетиш үчүн ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери көп мээнет кылганын белгилеп кетели. Ушул жеңиши менен ЭАУнун жамаатын, студенттерин куттуктайбыз жана жогорку кесиптик билим берүү, илим жаатында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, “EdNet” агенттигине тыгыз кызматташкандыгы жана жогорку баа бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!”, -дейт ректорат.

Эскерте кетсек, “Өнүктүрүүгө карай жол” сынагы биринчи жолу 2018-жылы өткөрүлгөн, бирок андан ары ар эки жылда өткөрүлүүчү сынак таажы илдетинин жайылышында токтоп, 2022-жылы гана экинчи жолу өткөрүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17