Аймак

БАТКЕН РАЙОНУНДА КУРАЛДУУ ЖАҢЖАЛДАН ЖАРАКСЫЗ КЕЙИПТИ КИЙГЕН 106 ҮЙ ТАЗАЛАНДЫ

БАТКЕН РАЙОНУНДА КУРАЛДУУ ЖАҢЖАЛДАН ЖАРАКСЫЗ КЕЙИПТИ КИЙГЕН 106 ҮЙ ТАЗАЛАНДЫ

 759 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз-Тажик чек арасында жүз берген акыркы куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу аракеттери дагыле улантылууда. Тажик тараптан өрттөлүп жараксыз абалга кептелген турак жайлар менен мамлекеттик мекемелердин имараттарын кайра куруу максатында булардын ордун тазалоо иштери дагыле улантылууда.

Ушул тапта Баткен районунда 106 турак жай тазаланды. Бул туурасунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маселен, Достук айылында 47 турак жай тазаланды. Ал эми Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын кол күчү менен тазаланды. Ошондой эле Миң-Өрүк тилкесинде атайын комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак жай техникалык  каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

Ошентип, жалпы жонунан аталган аймактан дээрлик 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17