Өлкө аймактары менен кубаттуу
БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕ БЫЙЫЛ ҮЧ СТАДИОН КУРУЛАТ
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,117 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты. Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды. “Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул […]
1,118 Бардыгы / Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты. Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды. “Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул […]
ПАРЛАМЕНТТИН БИР НЕЧЕ ДЕПУТАТЫ АКТИВИСТТЕРДИН КАРМАЛЫШЫН СЫНДАП ЧЫКТЫ
24.10.2022 / Автор anarkan_kg

1,119 Бардыгы /
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындашты.
Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандардын кармалышын айыптап, бийликти жана милициянын жетекчилерин аларды бошотууга чакырды.
“Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул өтүнүч эмес, талап. Мыйзамды одоно бузбагыла”, – деди Акаев.
Депутат Тазабек Икрамов Фейсбук баракчасына “саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет” деп жазды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчылардын жана активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырды.
23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.
Абдирасулова саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын билдирди. Азырынча бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаевдин кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
22-октябрда бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда жөө жүрүш өткөн.
22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Президент келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин айткан. Мамлекет башчы жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин да белгилеген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ
-
31.01.2025 / Автор anarkan_kg ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ СҮЗҮП, ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДЕН КАЧЫП КЕТКЕН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ
-
07.02.2024 / Автор anarkan_kg КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ
-
14.02.2024 / Автор anarkan_kg АКШ СЕНАТЫ УКРАИНАГА ЖАРДАМ БЕРҮҮНҮ КАМТЫГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ЖАКТЫРДЫ
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.