Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА БИР КАНЧА ИМАРАТТАР АЧЫЛДЫ

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА БИР КАНЧА ИМАРАТТАР АЧЫЛДЫ

 72 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Чаткал районунун аймагында курулуп бүткөн бир канча социалдык имараттардын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жана Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев катышты.

Атап айтсак, Терек-Сай айылында кичи футбол аянтчасы, балдар ойноочу аянтча.

Чаткал айыл аймагында “Алтын Өрөөн” балдар бакчасы, аялдар үчүн фитнес клуб, күрөш залы, тигүүчү цех, Чапчыма ашуусунда гидрометстанция. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Жер-Капчыгай айылында балдар бакчасы, Чакмак-Суу айылында балдар бакчасы жана айылдык китепкана, ошондой эле райондун борбору Каныш-Кыя айылында калкты тейлөө борборунун ачылышы болуп өттү. Аталган ачылыштарга жергиликтүү тургундар да катышып,  жакшы саамалыктар болуп, элдин муктаждыктары чечилип  жаткандыгына кубанышты. Ал эми район башчысы Алтынбек Сеңирбаев катышуучуларды жаңы имараттардын ачылышы менен куттуктады. Өз сөзүндө район аймагында көп жумуштар аткарылып жаткандыгын, мындан кийин дагы элдин муктаждыктарын чечүү үчүн жакшы аракеттер болорун айтты.

Андан кийин облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев жана район башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев райондук өнүктүрүү фонду тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен да жеринде таанышты. Алар: ФАП, бала бакча, мектеп ж.б. Ошондой эле Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров атындагы орто мектепте КРдин Баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналып уюштурулган музейдин ачылышына катышышты.

Белгилей кетсек, район аймагындагы аталган курулуш иштеринин дээрлик баардыгы жергиликтүү бюджеттен каржыланат.  Буга чейин 25 км асфальт жергиликтүү бюджеттен жана өнүктүрүү фонддун каржылоосу менен басылган.

Мухамедалы ЭШНАЗАРОВ, Чаткал району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17