Аймак

ОБЛУСТА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

ОБЛУСТА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

 993 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак, Таш-Көмүр, Аксы, Тогуз-Торо милициясы тарабынан жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери мектеп окуучулары, ата-энелер менен жолугушуп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга, эрте никеге турууга, жол кырсыктарына байланыштуу профилактикалык жумуштарды алып барышты. Ата-энелерге өз балдарын түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгарбоо, аларды тынымсыз көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскертишти. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү мыкты билим алууга, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салып кошууга чакырышты.

Мындан сырткары Аксы РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасында Ак-Жол айыл аймагынын Райкамол, Ак-Жол айылдарынын жана Шына участкасынын тургундарынын кайрылуулары кабыл алынып, жеринде юридикалык кеңештер берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17