Аймак

МЫРЗА-АКЕ – КАРА-КУЛЖА – АЛАЙКУУ УНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

МЫРЗА-АКЕ – КАРА-КУЛЖА – АЛАЙКУУ УНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

 1,509 Бардыгы /

ОШ. Айтылуу Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолу бир тараптуу гана ачылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетчү жагдай: үстүбүздөгү жылдын 4-январында Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан тышкары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр катарынан пайда болуп, автоунаа жолу дагы убактылуу жабылган. Ошондуктан, аталган автоунаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖККББсы тарабынан атайын бекеттер  дагы уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылды.

Ушул тапта Ош облусунун Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолун тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды.  Өрөөндө азырынча акыбал тыптынч.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17