Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБДЕ 60 ЖАШТАГЫ АРДАГЕР ИБРАГИМ ШАТМАНАЛИЕВ СЫЙЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБДЕ 60 ЖАШТАГЫ АРДАГЕР ИБРАГИМ ШАТМАНАЛИЕВ СЫЙЛАНДЫ

 1,056 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. ОИИБдин имаратында ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Ибрагим Шатманалиевге ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, куттуктоо баракчасы тапшырылып, калпак, чепкен кийгизилди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлоо аземине Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков, ОИИБдин бөлүм башчылары катышышты. Жеңишбек Абитов ардагерди 60 жашка толушу менен куттуктап, бекем ден соолук каалады. Анын милицияда иштеген жылдары топтогон тажрыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүп, ар дайым сый-урматтын үстүндө жүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Ибрагим Шатманалиев Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өздүк курам арасында жоготуулар болбой, иштеринде ийгиликтер коштоп жүрүүсүн тилеп, ак батасын берди. Милициянын отставкадагы полковниги Ибрагим Шатманалиев ички иштер органдарында 1991-жылдан тартып кызмат өтөп баштаган. 2010-2015-жылдары Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, 2015-2017-жылдары Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин кызмат иштери боюнча орун басары болгон. Андан соң 2017-2018-жылдары Талас ОИИБдин начальнигинин кызмат иштери боюнча орун басарлыгын аркалап, ардактуу эс алууга чыккан.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17