Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ЖЕРГЕСИНДЕ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД ЖЕРГЕСИНДЕ ТЕКСТИЛЬ ФАБРИКАСЫ КУРУЛАТ

 1,122 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда текстиль фабрикасы курулат. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул фабрикага Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду 16 миллион акча бөлүнөт. Аталган ишкана Өзбекстандын «Fazman Textile» ишканасынын деңгээлинде болушу шарт.

Баса, коңшу өлкөнүн «Fazman Textile» текстиль фабрикасы 2022-жылдын соңунда ачылган, ал жылына бир миллион даанага чейин эркектер, аялдар жана балдар үчүн костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү жылына 15 миллион АКШ долларына бааланат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17