Аймак

ИИОнун АРДАГЕРЛЕРИ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛЫП, ЖАӉЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР АНТ БЕРИШТИ

ИИОнун АРДАГЕРЛЕРИ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫЛЫП, ЖАӉЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР АНТ БЕРИШТИ

 801 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 27-мартта Жалал-Абад ОИИБдин имаратында ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 2 кызматкери ардактуу эс алууга узатылып, ички иштер органдарына кызмат өтөөгө жаӊыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ардактуу эс алууга узатылган ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусу боюнча атайын операциялар отрядынын командири, милициянын полковниги Ашым Жусубалиев календардык 31 жылдан, жалпы 43 жылдан ашуун кызмат өтөгөн. Ал эми ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын камсыздоосунун кенже инспектору, милициянын прапорщиги Алмаз Жунусов календардык 22 жылга жакын, жалпы 23 жылдан ашуун убакыт ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматына жаӊыдан кабыл алынган кызматкерлердин салтанаттуу ант берүү аземи өткөрүлдү. Кызматкерлер күжүрмүн туу жана өздүк курам алдында жүктөлгөн милдеттерди так аткара тургандыктарын айтышып ант беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов сөз сүйлөп, ардактуу эс алууга узатылган кызматкерлерге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады. Ал эми жаӊыдан кызматка дайындалган кызматкерлерди берген антына бекем турууга, өлкөбүзгө ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга чакырды.

Соӊунда салтанаттуу иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17