Аймак

ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН БОЗ ҮЙЛӨРҮНДӨ ТИГҮҮ КУРСТАРЫ АЧЫЛДЫ

ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН БОЗ ҮЙЛӨРҮНДӨ ТИГҮҮ КУРСТАРЫ АЧЫЛДЫ

 1,086 Бардыгы /

Түркиянын Кахраманмараш шаарында тигилген боз үйлөрдө тигүү курстары өтүп жатат. Бул тууралуу Твиттерге Түркиянын билим берүү министри Махмут Өзер жазды.

WWW.

Министр жарыялаган видеороликте зилзаладан кийин боз үйлөрдө убактылуу жашап жаткан аялдар тиккенди үйрөнүп жатканы айтылат.

“Биз Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө кийим-кечек жана башка керектүү буюмдарды тигүүнү үйрөтө турган курстарды ачтык”, – деди курстарды окуткан мугалимдердин бири Филиз Теке.

Мурдараак Стамбулдун Үскүдар районунун башчысы Хилми Түркмен жер титирөөдөн жабыркаган Адыяман провинциясында Кыргызстандын 200 боз үйү тигилгенин жана аларда аймактын окуучулары билим алып жатканын кабарлаган.

6-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында сегиз баллга жакын жер титиреген. Ондогон шаар-кыштактар кыйраган. Жер силкинүүдөн курман болгондордун саны 50 миңден ашты. Зилзала Түркияга чектеш Сирияда да 8 миңден көп кишинин өмүрүн алды.

6-февралдагы зилзаладан жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандан жөнөтүлгөн 127 боз үй тигилип, учурда үй-жайсыз калгандар баш калкалап турат.

Зилзаладан кийин Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында куткаруу иштерине жардам берген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17