Аймак

ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОБЛУСТУК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ӨТКӨРҮЛДҮ

 651 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу иштери өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү.Иш-чарага Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын  өкүлү Арпидин Жороев, Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери жана студенттер катышышты. Жаштарга ар түрдүү түшүнүксүз диний агымдарга кирип калуудан сак болуу керектиги эскертилди. 

Милиция тарабынан диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча видеороликтер көрсөтөлүп, бир катар маалыматтар жеткирилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17