Аймак

БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

БАЗАР-КОРГОН ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

 1,287 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын жетекчиси Тамерлан Осмонов Базар-Коргон шаарынын мэр болуп дайындалды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

жаңы кызматка дайындалган Тамерлан Осмоновду Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков куттуктап, жооптуу жана түйшүктүү ишине ийгиликтерди каалоо менен узатты.

Осмонов Тамерлан Орунбекович, 1985-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, юрист кесибине ээ болгон. Ал Жалал-Абад шаардык кеңешинин V,VI чакырылыштарынын депутаты болгон.

2020-жылы Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлѳрдү ташуучу муниципалдык автобазасына жетекчи болуп дайындалып, ошол эле жылы шаардык мэриясынын Жол башкармалыгынын башчысы кызматына которулуп, ушул мезгилге чейин аталган ишкананы жетектеп келген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17