Аймак

ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ШААРДА КОНСТИТУЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАНДЫГЫНЫН 30 ЖЫЛДЫГЫ  БЕЛГИЛЕНДИ

 1,149 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 4-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда 5-май-Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин  төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков: “Учурда баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп жатат”,- деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын биринчи конституциясы мындан туура 30 жыл мурда, тагыраагы, 1993-жылы 5-май күнү кабыл алынган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17