Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,393 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 1-майынан тарта Сузак районунун “Телтору” ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды. Иш-чара милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май Жеңиш күнүнө карата уюштурулган. Анда республика боюнча 35 команда күч сынашты. Кечээ, “Жеңиш кубогу–2023” оюндарынын финалдык беттеши өтүп, баш байгени Ош облусунун “Достук” клубу жеңди. Экинчи […]
1,394 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 1-майынан тарта Сузак районунун “Телтору” ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды. Иш-чара милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май Жеңиш күнүнө карата уюштурулган. Анда республика боюнча 35 команда күч сынашты. Кечээ, “Жеңиш кубогу–2023” оюндарынын финалдык беттеши өтүп, баш байгени Ош облусунун “Достук” клубу жеңди. Экинчи […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА ӨТКӨН КӨК БӨРҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
10.05.2023 / Автор anarkan_kg

1,395 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын 1-майынан тарта Сузак районунун “Телтору” ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды.
Иш-чара милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май Жеңиш күнүнө карата уюштурулган. Анда республика боюнча 35 команда күч сынашты. Кечээ, “Жеңиш кубогу–2023” оюндарынын финалдык беттеши өтүп, баш байгени Ош облусунун “Достук” клубу жеңди. Экинчи орунду Чүй облусунун “Сары-Өзөн”, үчүнчү орунду Талас облусунун “Ынтымак” командасы багындырды. Жеңүүчү командаларга 700, 400 жана 200 миң сомдук акча каражаттарынын сертификаттары тапшырылды. Ага катар кубок жана медалдар ыйгарылды.
Спорттук саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Мейкинбек Абдалиев, Айбек Маткеримов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, республикалык “Көк бөрү” федерациясынын президенти Таласбек Бегалиев, облустук-мекеме ишканалардын жетекчилери жана 10 миңге жакын көк бөрү сүйүүчүлөр катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл тогуз күн аралыгында Жалал-Абад жергесинде ири көк бөрү майрамы өткөнүн белгиледи. Жеңүүчү командаларды куттуктап, облуста мындан ары да масштабдуу спорттук мелдештерди өткөрүү аракеттери колго алынаарын кошумчалады.
“Телтору” ат майданындагы көк бөрү мелдешинин алкагында улуттук ат оюндары да өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨДӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО МАЙРАМЫ 29-МАЙДА ӨТӨТ
-
-
18.05.2026 / Автор anarkan_kg ӨРМӨКТӨГҮ ӨМҮРЛӨР
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АГРАРДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР ОШТО УКУКТУК БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТЫП ЖАТЫШАТ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.