Аймак

ЛЕНИН КӨЧӨСҮНӨ ЖАҢЫ АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

ЛЕНИН КӨЧӨСҮНӨ ЖАҢЫ АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

 912 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын негизги көчөсү болгон Ленин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөө үчүн даярдоо иши жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, учурда шаардагы Ленин көчөнүн эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылууда. Алдыда эки четине тротуар курулуп, аталган көчөгө толугу менен (3,5 чакырым) жаңыдан асфальт төшөлөт. Мындан сырткары көрктөндүрүү, жашылдандыруу иши жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17